www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Айтмамат Назаров 10-11-класттарда билим алган балдардын окубай коюусун каалабайт, ал болгону начар окуган окуучулар кесиптик лицейлерге жөнөтүү сунушун кечээ, 16-январда Парламентте болгон жыйында айткан.
"Керектүү кесиптерге ээ болгон окуучулар эч качан жумушсуз калбайт", - деп айтат ал.
"Мен 10-11-класстарда начар окугандар кесиптик билимге ээ болсо деген тилектемин, анткени, учурда Кытайдан бери бизде адистер жоктугунан келип, каражат таап кетип жатышат, ошол эле учурда биздин балдар жумушсуз жүрөт, ошондуктан мен ушундай өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун көтөргөм", - дейт эл өкүлү.
Анын кесиптеши Мирлан Жээнчороев да Назаровдун оюу жүйөлү экенин белгилеп, эгер билимин улантууну каалабаган окуучуларды кесиптик лицейлерде окутуу зарылчылыгын айтты.
Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg