www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Пирматов "айып пулду төлөп, кайра ичип алып автоунааны айдай бергенге болобу?" - деген суроосуна ага вице-премьер-министр Жеңиш Разаков "ооба, ооба" деп жооп берди.

Пирматов: "Унааны мас абалында башкарган жаран айып пулду төлөгөндөн кийин айдоочу күбөлүгү сакталабы?" - деп суроо берди.

Жеңиш Разаков айдоочу күбөлүк кандай эреже бузуу болсо дагы алынбай турганын белгиледи.

Исхак Пирматов: "Колунда бар адам арак ичип, 17 500 сом төлөп, кайрадан мыйзам бузуп жүрө берсе болот экен да, өзгөртпөйсүздөрбү. Менин оюма койсоңуз айып пул 170 миң сом болсо да аз. Аны өмүр бою автоунаа айдоо укугунан ажыратуу керек. Автокырсыктардан каза болгондордун саны Ооган согушунан каза болгондордон дагы көп. Түкүрүк боюнча артка чегингендей, бул боюнча дагы артка чегинбегиле", - деди.

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg


 

Последние новости