www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын юстиция министри Абдулхамит Гюль өлкөсү ФЕТӨ уюмунун лидери Фетхуллах Гүленди кайтаруу үчүн бардык мыйзамдуу чараларды көрөт деп билдирди.

Бул туурасында ISNA агенттиги Аnadolu агенттигине шилтеме берип жазды. “Биз бул өткөрүп берүү ишке ашырылат деп ишенебиз. Эгер Америка мыйзамдуу өлкө болсо, анда Гүленди Түркияга өткөрүп бериши керек. Азырынча биз бул маселе боюнча натыйжага жете элекбиз, бирок биз бардык мыйзамдуу чараларды көрөбүз”, – деп белгиледи Гюль.

Анын айтымында, Түркия азыркы учурга чейин динаятчы Фетхуллах Гүленди өткөрүп берүүнү АКШдан жети жолу талап кылган. Маалыматка караганда, Түркиянын прокуратурасы Гүлендин уюмуна байланышы бар 137 кишини камоого ордер берди. Түркиянын коопсуздук күчтөрү өлкөнүн 31дей провинциясында ФЕТӨ уюмуна тиешеси бар адамдарды табуу операциясын башташты.

Түркия бийлиги 2016-жылдагы ишке ашпай калган аскердик төңкөрүштүн артында динаятчы Фетхуллах Гүлен турат деп эсептейт. АКШда жашаган Гүлен бул окуяларга катыштыгы бар делген айыптоолорду четке каккан. Төңкөрүштө 250 адам курман болуп, 2 миңден ашуун адам жаракат алган. Мындан тышкары, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын буйругу менен Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар деп шектелген 70 миңден ашуун киши камакка алынып, 150 миңдейи жумуштан алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости