www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-спикер Мирлан Бакиров кечээ Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Баштапкы билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовду катуу сынга алганы боюнча түшүндүрмө берип, кечирим сураганы коомчулукка маалым болду. Ал эми бул боюнча депутат Алмазбек Токторов  өзүн күнөөлүү эмес деп айтат.

“Мен өзүмдү күнөөлүү сезбейм. Видеодон көрсөңөр болот, маалымат бурмаланып калган”,- дейт депутат.

Эскерте кетсек, кечээ, 17-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Алмазбек Токторов менен вице-спикер Мирлан Бакиров Баштапкы билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовду катуу сынга алышкан. Депутат “Жогорку Кеңешке футболка кийип келиптирсиз” деп сындаса, вице-спикер Мирлан Бакиров Жогорку Кеңеш “базар” эмес экенин айтып, жыйындан чыгып кетүүсүн талап кылган.

Эске салсак, кечээ, 16-январдагы жыйында Жогорку Кеңеште мектепте 9-класстан кийин окубай калган улан-кыздарды милдеттүү түрдө кесиптик-техникалык окуу жайларында окутуу боюнча мыйзам долбоору каралып жаткан.

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Последние новости