www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айеркен Саймаитинин өлүмү жана маеги учурда Кыргызстанда күндүн темасы болууда. Анда Райымбек Матраимовдун аты да аталып, бул коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Иликтөөлөрдү социалдык тармактар ар ким ар кандай божомолдоп талкууга ала баштады. NazarNews.kg маалымат агенттиги жогорку окуя тууралуу аты таанымал төлгөсү төп келген Света Тойгонбаевадан маек алды.
- Саламатсызбы! Света айым, учурда коомчулук арасында кызуу талкууга алынып жаткан Стамбул шаарында белгисиз жарандардын колунан окко учкан ишкер Айеркен Саймаити тууралуу айтып бере аласызбы?
- Саламатчылык! Ооба, Саймаитинин өлүмүнөн саясат издеп кереги жок. Анткени, бул кишинин өлүмүнө 3 мамлекеттен атайын киллер жалданган. Көпчүлүк ачык айта албаганы менен анын өлүмүнө Матраимовду күнөөлөп жатышат.
Аян боюнча айтсам, Матраимовдун Саймаитинин өлүмүнө эч кандай тиешеси менен экөөнүн ортосунда чоң акча жок. Бул жерде жөн эле айрымдар чет өлкөнүн кызыкчылыгы менен бөйрөктөн шыйрак чыгарып жатышат.
- Саймаитинин өлүмүнө буюртма бергендер кармалабы?
- Түркия күчтүү мамлекет, жакында баардык акыйкат чыгат. Саймаитинин өлүмүнө буюртма берген эки киши кармалат. Саймаитинин өлүмүнүн кызыкчылыгынын Кыргызстанга тиешеси жок.
- Ушул тапта Райымбек Матраимовдорду каралоо күч алды, мунун арты эмне менен аяктайт?
- Алдын ала түшкөн аян тууралуу айтканда, Матраимовдон эч жамандыкты көргөн жокмун. Матраимовду каралаган менен майнап чыкпайт. Бул киши Кудайдан коркот, Саймаитинин өлүмүнө тиешеси жок, бул жөн гана Матраимовду каралоо гана. Жашыруун жол менен чыгып кеткен акчалардын мамлекетке чоң зыяны тийген эмес.
Матраимовдун колдоочулары жана касиети күчтүү, бирок өтө сак болушу керек. Бут тосуулар албетте, бар, бир нерсени баса белгилеп айтып кетишим керек убагы келгенде бул кишинин зоболосу аябай көтөрүлөт деген аян түшүп жатат.
Бир нече убакыттардан кийин Кыргызстанды кандай кырдаал күтүп турганы жана үч аткаминердин тагдыры жөнүндө окурмандарга сунуштайбыз.
Булак: NazarNews.kg