www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жер иштетүү боюнча кыргыз илим-изилдөө институту Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин карамагына өттү. Буга байланыштуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу 5-декабрдагы парламент жыйынында министр Нурбек Мурашев “Үрөнчүлүктү мамлекеттик дотациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору талкууланып жатканда билдирди:
- Институттун миң гектардан ашуун жери бар экен. Базасы да талкаланып кеткен, ошолорду тургузуп, башка институттарды тартып, азыркы үрөн чарбаларынын локомотиви кылалы деп жатабыз.
Белгилей кетсек, расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 109 үрөн чарбасы бар. Алар жалпысынан 31 519 гектар аянтка ээлик кылат.
Булак: NazarNews.kg