www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги барган сайын популярдуу болуп бараткан КСДПда орун алды деген “кара касса” боюнча Эдил Байсаловго суроо узатып, жооп алдык.
-Эдил мырза, Ички иштер министрлиги Нурбек Токтакунов жарыялаган “кара касса” боюнча иликтөөсүн баштаптыр. Алар иликтөөнү адилет жүргүзүп, аныгына чыгат деп ишенесизби?
-Бул "кара кассанын" чатагы толугу менен Атамбаевдин жоопкерчилиги десем болот. Анын жалгыз жетишкендиги - "таза шайлоону өткөздүм" дегени болчу. Башкача айтканда, таза шайлоо өткөздүм деп айта алчу. Көрсө, анысы да булганган экен. Акчаны ташыган өзүнүн шоопуру Икрам, эбегейсиз суммаларды бир сап менен эле коротуп, санап таркаткан эски секретарша-кассири Надира, дагы бир вазири Фарид штабты жетектеген. Буга ким күнөлүү? Булардын абалы баягы кыргызда "кыз боосуп алып, энесин коркутат" дегенди элестетип жатат.
Анысын эми эмне чубап, кимди күнөлөөгөн атат?
Баса, "Сооронбай Жээнбековтун рейтинги 3% болгон" деп аны жаман көрсөтүп атат. Алмазбек Шаршеновичке айтып койгулачы, Ельцин Владимир Путинди талапкер кылып алып чыкканда, анын рейтинги 2% болчу, кеп анда эмес экен да. Эки пайыз болсо дагы -баары бир жеңип чыгып, азыркы Россиянын кана эмес, жалпы дүйнөнүн эң улуу лидери боло алды го.
Эмне болсо дагы, азыркы Кыргызстандын легитимдүү башчысы Сооронбай Жээнбеков. Анын бийлиги 2023-жылга чейин бекем. Тизмегейт сыяктуу кайсы бир компроматтары ага зыян келтирбейт, кайра эле Атамбаевдин өзүнүн былыктарын чыгарып, өзүн жаман көрсөтүп атат.
Булак: NazarNews.kg