www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөнүн дыйкандары менен фермерлерине 2014-жылдан бери 30,4 млрд сом өлчөмүндө жеӊилдетилген насыялар берилди. Жылдан-жылга алардын үстөк пайызы азайып, төлөө мөөнөтү узарып барат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеӊеште 2019-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарын жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда билдирди.

«Быйыл жазгы талаа жумуштары 10-15 күнгө эрте башталды, азыр өлкө аймагындагы айдоо аянты 1 млн 219 миӊ гектарды түзөт деп турабыз. Дыйкандар өтүмдүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өткөндүктөн, буудай сындуу дан өсүмдүктөрүнүн аянты кыскарууда. Жылдан-жылга айыл чарба тармагына берилген жеӊилдетилген насыялардын үстөгү 6 пайызга чейин азайып, төлөө мөөнөтү узарууда», - деп, биринчи вице-премьер-министр көп жылдык мөмө бактарын өстүргөн багбандардын өтүнүчү менен алардын насыяны төлөө мөөнөтү мурдагы 3 жылдан 5 жылга чейин узартылганын кошумчалады.

Андан тышкары, Өкмөт айыл чарба жумуштарын үзгүлтүккө учуратпоо максатында, дыйкандарды сапаттуу үрөн, арзан жер семирткич, күйүүчү жана майлоочу май, жеӊилдетилген насыялар менен камсыз кылуу чараларын көрүп жатканы белгилүү болду. Экспортко чыгарыла турган 11 өнүмдүн өндүрүлүшүнө өзгөчө көӊүл бурумакчы. Андан тышкары, былтыркы жылдын түшүмүн сатып өткөрүү жаатында аракеттер жасалып, коӊшу өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости