www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Сайдулла Нышанов: «Биз өткөн жылы орун алган көйгөйлөрдөн туура жыйынтык чыгарып, анан алга жылууга тийишпиз, ансыз ишибиз оӊолбойт»

Эмне үчүн элибиз Айыл чарба министрлигине жийиркенич менен карайт? Эмнеден улам мындай болууда? Депутат Сайдулла Нышанов Жогорку Кеӊеште 2019-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарын жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда айыл чарба министри Нурбек Мурашевге ушундай собол салды.

Айыл чарба министри мындай мамилени өткөн жылы өстүрүлгөн өнүмдөрдүн өз маалында сатылбай калганы менен түшүндүрдү. «Картошка сыяктуу айрым айыл чарба өнүмдөрү экспортко чыкпай, баасы түшүп, дыйкандардын аракети акталбай калды. Ошондон улам, ушундай пикир жаралууда. Азыр жазгы талаа жумуштарын үзгүлтүккө учуратпоо чаралары көрүлүп жатат. Мисалы, быйыл суу былтыркы эле көлөмдө болот. Суу чарба департаментине 238 млн сом каралды», - деди Нурбек Мурашев.

«Айыл чарба тармагында кандайдыр бир жылыштарды жасашыбыз керек. Айыл чарба министрлигинин ишине нааразычылыктар көп, чече турган көйгөйлөр да арбын. Биз өткөн жылы орун алган көйгөйлөрдөн туура жыйынтык чыгарып, анан алга жылууга тийишпиз. Ансыз ишибиз оӊолбойт», - деп, депутат Сайдулла Нышанов биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду мындай акыбалга өзгөчө көӊүл бурууга чакырды.

Эске салсак, Айыл чарба министрлиги өткөн жылы дыйкандарды картошканы көбүрөөк айдоо жөнүндө кеӊеш берген. Анын натыйжасында Кыргызстанда 84 миӊ тонна картошка өндүрүп, ал азыркыга чейин өз баасында сатылбай турат. Ошондон улам, калк арасында Айыл чараба министрлигинин ишине карата көптөгөн нааразычылыктар жаралууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости