www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын өндүрүшүндө Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган белгисиз адамды поезд сүзүп кеткен факты боюнча материал бар.
2019-жылдын 4-март күнү болжол менен 04:17 чамасында “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын нөөмөт кызматкеринен ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгына Аламүдүн станциясынан адамдын поезд сүзүп кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге ТИИБдин кызматкерлери барышып, болжол менен рельстен эки метр алыс жерден азият түспөлүндөгү, болжол менен 45-50 жаштардагы эркек адамдын жансыз денесин табышкан.
Жүк ташуучу поезд сүзүүнүн кесепетинен тез жардам кызматы келгенге чейин белгисиз адам алган жаракатынан каза болгон. Муркумдун денеси Бишкек шаарындагы Республикалык соттук-медициналык экспертизалар борборуна соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн жиберилди.
Белгилери: бою 165-170 см, чачы кара түстө, узун жаак, мурду узун, эриндери түз.
Маркум кочкул-көк түстөгү кепка, кочкул-көк түстөгү кышкы куртка, көк түстөгү тор жемпир, кызыл түстөгү футболка, кара түстөгү джинсы шым, кара түстөгү спорттук кийимчен болгон.
Азыркы учурда ИИМдин ТИИБи тарабынан окуянын чоо-жайы такталууда жана такталбаган адамды тааный тургандыгы же ал жөнүндө кандайдыр бир маалыматтарды билген жарандар болсо Кыргыз Республикасынын ИИМдин нөөмөт бөлүмүнө жогорудагы номурлар боюнча байланышууңарды суранат: 0702-102-702, (0312) 35-12-70, (0701) 35-12-70.
Булак: NazarNews.kg