www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өз элиӊдин ыйын, муӊун көрбөгөн деги не деген немесиӊер? Силердин атыӊарды эми «Немелер» деп атабаса болбой калды окшойт. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев билдирди.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат А. Абжалиевдин мамлекеттик менчиктер жөүнүндө «катуу кайгыга батып» муңканганын көрүп алып бир ой кетти. Анча болду мамлекетти бүт эле менчиктеп алып, атын тиги кишинин атынан коюп алсак балким оӊолуп кетээрбиз деп.

Анда мындай: ЖКдагы көздөрүн бүтүн бойдон жеке менчиктин чылпагы толук баскандарга айтаарым- жаныӊдагы Өзбекстанды, аны көрбөсөӊ Кытайды, аны да көрө албасаңар «Кумтөр» алтын кенинин чырын карасаӊар боло?!

Ошол «Кумтөрдү» менчиктеп алгандар Кыргыздын шорун шорподой кайнатып жатпайбы. Анан дагы электр энергиясын бөлүштүрүүчү жеке менчик компаниялар светтин баасын төмөндөтпөй эле тарифин көтөрбөсөӊөр муунуп өлөбүз деп жатышат.

Ал эми жеке менчик нефте-магнаттар бензиндин салыгын алып салбасаӊар алар да «өрттөнүп өлөбүз» же баарыӊарды бензиндин баасын көтөрүп туруп муунтабыз дешүүдө. «Өз агасын агалай албай бирөөнүн агасын сагалайт» деген кеп бар.

Өз элиӊдин ыйын, муӊун көрбөгөн деги не деген немесиӊер? Силердин атыӊарды эми «Немелер» деп атабаса болбой калды окшойт. Орусчасы «Нечтолор» болот.

Баарыӊарды эмес. Арасында анча-мынча болсо да билимдүү, илимдүүлөрдү бар. Адамгерчиликтүүлөрүн, бычакка сап болуп жүргөндөрүңөрдү эсепке албаганда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости