www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-октябрда, Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына барып, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен жолукту. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Маалыматка караганда, Курсан Асанов анын Алмаз Сарыбаев менен бийликти басып алуу жөнүндө сүйлөштү делген аудио жазылмага техникалык экспертиза жүргүзүлүп, жыйынтыгы чыкканын билдирген.

«Орусия менен Казакстандан экспертизанын жыйынтыгы келди. Ага ылайык, аудио жазылма алты жеринен кескиленип, түрдүү убакта, түрдүү сүйлөшүүлөрдү колдонуу менен жасалганы аныкталды», — деген Асанов.

Ал ошондой эле акыйкатчыга ИИМдин имаратын басып албаганын айтып, окуя кандайча болгонун түшүндүргөн.

«6-октябрда ИИМдин имаратына келсем ал жерде мурдагы ички иштер министри менен дагы башка бейтааныш адамдар бар экен. Ошол жерден мага УКМКдан чакыруу түштү, ойлонбостон жөнөп кеткем.

Ал эми ички иштер министринин милдетин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарынын жазуу түрүндөгү буйругун алгандан кийин киришкем. Эң башкысы мен ИИМдин жамаатына расмий түрдө тааныштырылгам», — деген Асанов.

Сөзүнө далил катары Асанов Коопсуздук кеңешинин 6-октябрдагы катынын (Курсан Асановду ички иштер министринин милдетин аткаруучу кылып дайындоо жөнүндө) көчүрмөсүн көрсөтүп берген.

Эске салсак, Курсан Асанов 14-сентябрда бийликти күч менен басып алууга шектелип Жазык кодексинин 309-беренесинин негизинде кармалган. 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал өзгөчө оор кылмыш жасагандар кармалуучу №50 тергөө абагына эки айга камакка алынган.

Бул иш боюнча «Толубай» коммерциялык банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү Алмаз Сарыбаев да камалган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости