www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Президент өз оюн кагазга оробостон түз, жалпак тилге салып эле айтты», - деди бүгүн, 6-октябрда NazarNews маалымат агенттигине журналист Калдарбек Койлубайтегин.
- Президент элде талкуу болуп жаткан көп маселеге токтолуп, кайрылуу кылганы орундуу эле болдубу?
- Менимче Facebook Республикасындагы ар кайсыл чөптүн башын бир жулган, баш-аяксыз, урунттуу эмес, ойду-келди ойду өйдө-ылдый жиндилерче тамтаңдатып сүйрөгөндөргө ичи чыкпай калды сыягы.
Балким бул кайрылуу деле эместир, жогорудагы башаламандыкка түзөтүү, балким нукту буруу үчүн жасалган маанилүү кадамдыр. Эми ушакты деле эртерээк, өз маалында согуп койсоң, ал чындыкка окшошуп кетери да эске алынды окшойт.
Президент ойун кагазга оробостон түз, жалпак тилге салып эле айтты. Кырдаалга жараша жашоо керек дегенди унутпай, «Кумтөр», электр энергиясынын баалары тууралуу узун элге жеткиргени албетте жүрөктү жылытат.
Маселе аны ким кандай кабыл алганында, Жапаровдун саясатына каршылар, тагыраагы, бийлик дегенде 99 жолу томолонгондорго түк жакпады, колдоочуларына майдай жакты, ал эми калың журтка келсек... Мындан ары да президент элдин алдында ушинтип кысабат кармап турса болор эле деген ой жаралып, үмүт пайда болду.
Президент жана анын командасынын саясатынын ырааттуу жүрүшүнө ачыктык өбөлгө болор, бирок кандайдыр бир сыр, көрүнгөн жерде айтылып кетпечү нерселер да болушу керек го... Ошон үчүн ажо бул багыттагы ишин ары улап, ар кандай маалыматтары менен ырасмий кайрылуу жасаса жакшы эле болмок.
Булак: NazarNews.kg