www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир жылдын ичинде, башында президентибиз С.Жапаров турган жаңы бийлигибиз негизинен өлкөнүн саясый системасын саясый коррупциядан арылтуу, кайра жаңылоо багытындагы бир топ реформаларды сиздердин пикирди эске алуу менен жүргүздү. Бул тууралуу Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров билдирди.

«Унчукпай коюуга укугум жок же бир жылдап күткөн күн жөнүндө…

Урматтуу мекендештер!

Саясый коррупциядан айрылгысы келбеген башында С.Ш. Жээнбеков турган Кыргызстандын бийлиги өткөндөгү Жогорку Кеңешке болгон шайлоону адилет, таза өткөрө албаганынын кесепетинен бийликтен кетүүгө аргасыз болгонуна жыл айланууда. Ошондон берки бир жылдын ичинде өлкөбүздө, кандай окуялар болду?

Эмнелер өзгөрүлдү жана аткарылды? Эмне үчүн бир жыл бою Жогорку Кеңешке шайлоо өткөрүлгөн жок? Учурдагы жаңы бийлигибиз өзүбүз ошол былтыркы окуядан сабак, тыянак чыгарып быйыл адилет жана таза шайлоо өткөрө алабызбы? Ушуларга жооп ала турган күн: 28-ноябрь, жогорку кеңештин депутаттарын тандоо күнү жакындап калды!

Кыргыздарды бүткүл аалам элдери, айрыкча тектеш бир тууган коңшуларыбыз: «Эми кыргыздар кантээр экен, чындап эле адилеттүүлүктү сүйгөн эркин, баатыр элби же башаламандыкты уюштурушкан күчтөрдү ээрчий берген тополоңчу элби?» - дешип байкап, сынап карап турушат.

Урматтуу мекендештер!

Бир жылдын ичинде, башында президентибиз С.Жапаров турган жаңы бийлигибиз негизинен өлкөнүн саясый системасын саясый коррупциядан арылтуу, кайра жаңылоо багытындагы бир топ реформаларды сиздердин пикирди эске алуу менен жүргүздү.

Аларга: - Мамлекеттик Башкаруунун түрүн элге тандатуу - толук жоопкерчилиги менен Президенттик жеке башкарууну камтыган жаңы Конституцияны кабыл алдыруу - Мамлекеттик бийликтин толук жоопкерчилиги менен, жеке президенттин колуна өткөрүлүшү - Саясый коррупциянын булагы болгон партиялык тизме аркылуу шайлоо системасы өзгөртүлүп, элдин өзүнө-өзү депутатын өзү түз, тике тандоо укугунун кайтарылып берилиши жана башкаларды кошсок болот. Жыйынтыктап айтканда бийлигибиз өзүнө жүктөлгөн шайлоого даярдык көрүү, уюштуруу иштерин жүргүздү жана жүргүзүп жатат.

Бирок бийликтин дагы бир негизги милдети болгон шайлоону адилет, ачык-айкын, тополоңсуз, тынч өткөрүү багытындагы иштери, жеринде, эл арасында жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй жатканын акыйкаттык үчүн моюнга алуу керек.

Президенттин: «Менин партиям шайлоого катышпайт, шайлоого аралашкан мамчиновниктер жазаланат» - деген мыйзамдуу талабын реалдуу аткаруу, анын маанисин, эл арасына барып, жеринде түшүндүрүү, «Бийликтин партиясыбыз, талапкерлерибиз» дешип, президенттин атын жамынып жүрүшкөндөрдүн бетин ашкерелөө, бир жыл ичинде мамлекеттин саясый системасы, анын ичинде саясый коррупциянын өзөгү болгон, шайлоо системасынын түп тамыры менен өзгөртүлгөнү, шайлоочуга өз депутатын өзү түз, тике тандап алганга реалдуу шарт түзүлгөнү, 28-ноябрга дайындалган шайлоону ачык-айкын, адилеттүү өткөрүүнүн Кыргызстан жана анын элинин келечеги үчүн жана Кыргызстандын көз карандысыздыгын бекемдөөдө, кыргыздардын улуттук ар-намысы, эл аралык деңгээлдеги имиджи үчүн жана анын өзгөчө саясый маанилүүлүгү жөнүндө эл арасына барып жеринде жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштери жокко эсе десек болот.

Мындай иштерди эл арасында жүргүзүү түздөн-түз мамлекеттик милдети болуп эсептелген. БШК, президенттин идеологиясын ишке ашырышкандар, коомчулук менен иш алып барышкан кеңешчилери, жергиликтүү мамлекеттик бийлик жана башкалар тарабынан андай иштерди күчөтүү азыр да кеч эмес. Ушундай иш-чаранын жетишсиздигинен, шайлоонун тынч өтүшүнөн кабатырланган жарандардан түздөн-түз президентке кайрылуулары көбөйүүдө.

Ага: - шайлоонун тополоңсуз тынч өтүшүнөн кабатырланган маданият кызматкеринин президентке жазган кайрылуусунун, эң жогорку деңгээлде трайбалистик өңүттө кайра бурмаланылып калышы, «биз бийликтин партиясыбыз, талапкерибиз, бизди шайласаңар муну бүтүрөбүз, тигини кызматка койдурабыз» - деген президенттин жана Ташиевдин атын жамынгандар көбөйүп, өткөн жылдагы С.Жээнбековдун үч партиясынан жана «Ч»дан кем калышпаганы, азыркы бийликтеги эски жана жаңы «Ч» талапкерлер менен жергиликтүү чиновниктердин мурдагыдай эле бирге аракеттенип жатышкандары кошумча түрткү болууда.

Эгерде президентибиздин мыйзамдуу талаптарын колдоп, президенттин атын жамынган жаңы «Ч» партиялары менен алардын талапкерлерин жеринде ооздуктабаса так ушулар өткөн жылдагы Жээнбековдукундай эле жаңы тополоңдун жаратуучулары болуп калышы мүмкүн!

Урматтуу мекендештер!

Эми өзүбүзгө кайрылалы. Быйыл 28-ноябрга дайындалган жаңы шайлоодо, өткөн жылдагыдай эле жаңы бийликтин «Ч» ларына өзүбүз кайрадан сатылбайбызбы?

Бул жолу элим, жерим деген, жүрөгү, ою, сөзү эркин, башында идеясы, көкүрөгүндө жалы бар мамлекеттик иште тажрыйбалуу чыныгы элдик адамды тандай алабызбы? Кезек, шанс, эрк өзүбүздө калды! Кийин “аттиң!” дебесек эле болду.

Себеби, депутат болчу адамды мурдагыдай бийлик же партия ээлери чөнтөгүнө карап жабык тизмеге аныктап киргизип элге чыгара албайт! Депутат болууну каалагандар кааласа кайсы бир партиянын тизмеси аркылуу, кааласа өзүн-өзү көрсөтүп алдыбызга ачык, түз, эркин келишет. Алардын ичинен кимисин, байынбы же билимдүүсүнбү, карысынбы же жашынбы, аялынбы же эркегинби, бийликчилинби же элчилинби айтор кимисин тандасак да, тандап алуу укугу ар бирибиздин жеке эркибизде турат!

Ошондой эле ата-бабалардан келе жаткан акыйкаттыкка баш ийүүчүлүк деген жазылбаган эреже да бар. Ал жеңүү менен жеңилүүнү көтөрө билүү. Муну да баарыбыз бекем карманышыбыз керек! Алдыбызда жалпы улуттун жана мамлекеттин кызыкчылыгына, аброюна, келечегине залакасы тийе турган, ага каршы баарыбыз жалпы бирге турчу да маселе болуп кетиши мүмкүн.

Ал шайлоонун кандай гана жыйынтыгы болбосун, айрым жеңилгендер тарабынан мүмкүн уюштурула турган, тынч нааразылык акцияны пайдаланып, өткөн жылдагыдай Ак үйгө кирип кетүүнү ойлонуп, пландап жаткандарга каршы туруу!

Тилекке каршы, андай күчтөрдүн бар экени, алар да жаңы шайлоо күнүн бир жылдан бери күтүп, даярданып жүрүшкөнү жашыруун деле эмес! Өткөн жылы экс-президент С.Жээнбековдун кетирген эң чоң катасы, ошондой күчтөрдүн бар экендигин билсе да, айланасындагы «Ч» ларга бекем ишенип алганында болгон.

Биз ошондон сабак алып, бардыгыбыз ээлеген кызматыбызга, социалдык абалыбызга карабай, «буга бийликтин башы оорусун мен бийликтин «дүжүрү болбойм» деп керкейбей же «мамкызматчынын этикасын бузбайм, президент кеп-кеңеш, акыл айткандарды жактырбайт» деп кодуланбай, бири-бирибиздин кайрылууларыбыздан кемчилик издебей, кайдигерликтин «мага баары бирлигинен» бир азга арылып, Кыргызстандын бүтүндүгүн, элибиздин биримдигин, коомубуздун тынчтыгын ойлоп, ар кимибиз атуулдук парзыбызды баарынан бийик кармап, өткөн жылы колундагы «жеңишин» тарттырып жиберишкен «реваншистерге» кантип каршы турабыз??? Ошол жөнүндө кеч боло элегинде ойлонууга баарыңарды чакырам жана төмөндөгүдөй сунуш да берем:

1. Кыргызстандын жалпы эли мамлекеттик бийлиги, шайлоого катышууга жолдомо алышкан саясый партиялар, жеке талапкерлер, - баардыгыбыз биригип, жалпы элдин тынчтыгы, мамлекеттин кызыкчылыгы, ар намысы үчүн 28-ноябрь күнү адилеттүү, таза, тынч шайлоо өткөрүүнү эң башкы максат, тилек кылалы!

2. Ал үчүн: Жаңы шайлоо системасынын маңызын, бул шайлоонун элибиз, мекенибиз үчүн өзгөчө маанилүү экендиги жөнүндө пландуу түшүндүрүү иштерин ар бир айыл, шаарларда жүргүзүү, аны саясатка анчейин аралашпаган, калыс жүргөн эмгектин, илим-билимдин, маданияттын, спорттун көрүнүктүү адамдары тартылган жергиликтүү элдик курултайлар, агитпоезд аркылуу жүргүзүү, БШКнын катышуусу менен шайлоого катышууга жолдомо алышкан бардык саясый партиялардын, талапкерлердин «таза, ачык-айкын, адилет, тынч» шайлоо өткөрүү, шайлоонун жыйынтыгы боюнча талаш-тартыштарды мыйзамдарда бекитилген чектерде, тартипте, мөөнөттөрдө адилет чечүү, мамлекеттик обьектилерди басып алууга жол бербөөгө милдеттенишкен өз ара меморандумгакол коюшуу.

Президенттин атын жамынып, «биз бийликтин партиясыбыз, мени президент өзү колдоп жатат, мени шайласаңар, муну, тигини бүтүрөм, тигини кызматка койдурам» - деп адимресурстун калыптанган классикалык түрүн, пайдаланып жатышкандарга, жалпы каршы туруу. Анткени, ошолор кезектеги «Ч» лар жана шайлоонун жыйынтыгы менен мүмкүн пайда боло турган башаламандыктын себепчилери.

Шайлоонун жыйынтыгын тааныбоо же жаңы адилет шайлоо өткөрүү талабы менен эле, Ак үйдү же башка мамлекеттик обьектилерди басып алууга, чакырык салгандар, аракет кылгандарды, ким экенин аныктоо, элге таанытуу, аларды элдин мүлкүн уурдоого, тоноого, бүлүнтүүгө аракеттенген кылмышкер катары кылмыш жообуна тартуу үчүн, массалык тартипте видеого түшүрүүнү жана аны жалпы элге жарыялап турууну колго алуу. Анткени, «таза шайлоо болгон жок» деген шылтоо менен гана Ак үйдү басып алууга чакырык кылгандар, эч качан революционер - баатыр болуп эсептелбейт!

Алар аны атайын уюштурушкан бийликтин же башка арамза күчтөрдүн жалданма провакаторлору же ууру, талоончу, каракчылар! Аларды ээрчип Ак үйгө кирип кеткениңер туура эмес! Чыныгы революционер бир гана шайлоону шылтоолоп эч качан Ак үйгө кирбейт! Анын ичиндеги элдик мүлктү уурдабайт, талкалабайт!

Тескерисинче, ага жол бербөөгө аракеттенет Чыныгы революционер элдин бийлиги менен байлыгын, мыйзамсыз ээлеп алган узурпатор-ууру бийликке, башка талоончуларга каршы күрөшкө чыгат! Эгерде бийлик тарабынан шайлоо былтыркыдай болуп, адилеттүү, таза, ачык-айкын өткөрүлбөсө да мен сиздерди ушуларды ажыратып билүүгө, адилетсиз шайлоого шылтоолоп, кезектеги баш аламандыкты уюштурушкан провакаторлорду ээрчибей, Ак үйгө кирүүнү ойлобой аларга каршы бирге турууга, чакырам!

Акырында президентибиз Садыр Нургожоевичке кол алдында иштеген мамлекеттик чиновниги катары эмес, андан улуу, бир эмес үч президенттин бийликтен кетирилишин ичинен көргөн, билген жана иликтеген, өлкөнүн жана улуттун тагдырына кайдыгер эмес, тажрыйбалуу саясатчы-замандашы катары төмөнкү сунуш-кеңештеримди беремин:

1. Урматтуу президент, 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган шайлоонун жыйынтыгы кандай гана болуп бүтпөсүн, сиз мамлекет башчысы, бардык бийликтин ээси катары, бул тарыхый шайлоонун жыйынтыгын, сиздин бир жылдык жүргүзгөн саясатыңыздын жыйынтыгы катары баалап, элдик курултай чакырып элге отчет берсеңиз мезгилдин талабына туура келет деп ойлойм.

Анткени, бир жылдап өткөрүлбөй келген шайлоо ийгиликтүү өткөрүлсө, мамлекетибиздин саясый системасы толук жаңыланып, сиздин бийликтин өткөөл мезгили аяктайт! Мамлекетибизде, элибизде саясый туруктуулук орноп, кийинки кадамдар элдин социалдык, экономикалык абалын жакшыртуу саясатына багыт алат!

2. Эгерде дагы балакет басып, (ылайым андай болбосун) былтыркыдай болуп, таза, адилет шайлоо өткөрө албасак, бир жыл бою даярданып, шайлоо өткөрө албаган бийлик органдарынын мындан аркы тагдыры да, ошол эле элдик курултайда, курултайдын делегаттарынын чечимине ылайык өзүңүз тарабынан чечилгени адилетүү болот!

3. Адаттарыбызча «элдик курултай өткөрүүнүн, чакыруунун тартиби бекитилген мыйзам жок…» - дегендерге жообум:

Элдик курултай институтунун Баш мыйзамга ара төрөлүп киргизилгенине, мыйзамы кабыл алынбай жүргөнүнө элдин күнөөсү жок! Кылымдап ата-бабаларыбыз жалпы элдин башына түшкөн кыйчалыштарда, улуттук демократиянын туу чокусу катары элдик курултай чакырылып, кеңешип маселени чечишип келишкени улуттук салтка айланып калган!

Элдик курултай баарынан жогору турган, эч бир бийликтин курамына кирбеген, баш ийбеген улуттук демократияны чагылдырган, мамлекетке, жалпы улутка тиешеси бар маселелер каралуучу өкүлчүлүктүү жыйын!

Жээнбековдон башка мурдагы бардык президенттердин бийликке келишине жана кетишине да, айрым бириккен саясый күчтөрдүн тынч өткөргөн курултайларынын чечимдери кандайдыр бир деңгээлдерде чоң роль ойногонун унутпайлы!

4. Элдик курултайды чакыруунун убактылуу Жобосун Конституцияга ылайыктап өзүңүз кабыл алууну, Убактылуу Жободо элдик курултай өткөрүү, каралуучу маселени аныктоо демилгеси, президентке, Жогорку Кеңештин депутаттарынын теңинен көбүнө жана Кыргызстандын жалпы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун теңинен көбүнө берүү укугу камтылышын да сунуш кылам!

5. Үч «ыңкылап» жолу менен бийлик алмашууну иликтеген адам катары, эгерде 28-ноябрда таза, адилет тынч шайлоо өткөрүлбөй, кайра шайлоо дайындалса, мурдагы жана кийинки шайлоонун бардык чыгымдарын, башка кесепеттердин зыянын, чыгашасын, Конституция жана жалпы мыйзамдар боюнча шайлоону даярдоо, уюштуруу, тынч, таза, адилет өткөрүү милдети жүктөлгөн тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке эсебинен төлөтүүнү сунуштаймын.

Аларды ээлеген кызматтарынан бошотуп коюу аздык кылат. Алар ансыз да, ушундай жагдайларда өзүн дайындаган президентин, иштеген ордун таштап качып кетүүнү мода кылып алышкан. Аны Жээнбековдун командасынын мисалынан алып карасак толук далилдүү болот. Адам эмес, ит дагы өзүнө сөөк берген кожоюнун, жаткан жайын таштап кетпейт!

Биздин чиновниктер итче да жок! Анан эле «экс» катары мамлекеттик иш чараларда жүргөнүн, төрдө олтурганын көрөсүн?! Так ушулардын кылмыштуу шаалакылыгынын айынан, мыйзамдуулук сакталбай, адилеттүү шайлоо өткөрүлбөй, башаламандыкка жол берилип, элибиз, мамлекетибиз орду толгус саясый-моралдык жана өзгөчө ири суммадагы материалдык зыянга кабылууда.

Адатка айланып бараткан ушундай көрүнүштөргө эмитен катуу чара көрүү, бөгөт коюу жагын кароону да сунуштайм!», - деп белгилеген Бекназаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости