www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Новопавловка айылынын Чыңгыз Айтматов атындагы №1 окуу-билим берүү лицей-комплексинин директору Диляра Абдуллаева кызматтан убактылуу четтетилди. Буга "4500 бала окуган лицейдин жетекчилиги ар бир окуучудан 500-700 сомдон чогултуп, бирок акчанын кайда жумшалганын айтпайт" - деп ата-энелердин нааразы болушканы себеп болду. Чыңгыз Айтматов атындагы №1 окуу-билим берүү лицей-комплексинде 4500 бала үч смен менен билим алат. Ата-энелердин фондусуна, кошумча сабактар жана ысык тамак үчүн ар бир окуучудан 500-700 сомдон чогултулат.
Анын ичинен 1300 окуучу социалдык жеңилдик катары төлөмдөн бошотулган. Ата-энелер бул каражаттын сарпталышы боюнча так маалыматты лицей жетекчилигинен ала албай келишет. Буга нааразы болгон ата-энелер укук коргоо органдарына кайрылып лицейдин алдына митингге да чыгып, отчетту кенен-чонон көрсөтүүнү талап кылууда. Аталган лицейге Новопавловка айыл өкмөтү 2018-жылы 4,3 миллион сом бөлгөн. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жылына канча акча бөлүнөөрү белгисиз.
Булак: "Фабула"