www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин КСДПнын жетекчисин Юстиция министрлигинин расмий базасында өзгөртүлгөнү тууралуу Башкы прокуратурага кайрылган арызы боюнча министрдин орун басары Максат Эсеналиев жана юридикалык каттоо башкармалыгынын башчысы Эмир Зулпаев суракка алынды. Бул маалыматты Башкы прокуратура тастыктады. Юстиция министрлиги Башкы прокуратурага келген арыз менен макул болбогонун билдирди.

Анткени алар мыйзам бузган эместигин айтышкан. Ал эми КСДП Юстиция министрлиги партиядан кошумча документтерди талап кылгандыгын, ал эми ведомствонун башчысы Марат Джаманкулов маселени билмексен, түшүнмөксөн болууда дешүүдө. Эске салсак, Юстиция министрлиги КСДП партиясынын лидерин министрликтин расмий базадан өзгөрткөн. Эми базада КСДП партиясынын лидери деп Сагынбек Абдрахманов жазылып турат.

Булак: "Фабула"

Последние новости