www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-апрель күнү «Ак үйдүн» алдында уран казууга каршы митинг өтүүдө. 25-апрелде Кызыл-Омпол кени боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарып алынып, кенди иштетүүгө толук тыюу салынганы белгилүү болгон.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев уран кени боюнча чалгындоо  иштерине 24-апрелде өкмөттүн Жогорку Кеңеште берген отчету маалында:

«Уранды иштетүүгө Орусиянын 30 млн. долларын алышкан, ошого берип жатышат» деген туура эмес. «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы 2004-жылы бизден каттоодон өткөн. 2010-жылы геологиялык изилдөөгө алган. 2011-жылы кайра эле геологиялык чалгындоо деп алыптыр. Ал убакта жаратылыш ресурстар министри болуп Кайрат Жумалиев иштеген. 2011-жылы май айында Кызыл-Омпол берилген экен. Экинчи жолу Замир Эсенаманов кол койгон. 2012-жылы лицензиялык келишимге Чоноев кол коюп, узартып беришкен. 2014-жылы 2015-жылга чейин узартууга Зилалиев уранга деп кол койгон. Алар уран өндүрүлө турганын билишкен», — деген парламентте өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев.

Маалыматтарга таянсак Кызыл-Омпол кени боюнча 2012-2014-жана 2015-жылы лицензиялык келишим узартылган. Ал учурда мамлекетти Роза Отунбаева баштаган УӨ өлкөнү башкарып турган.

Белгилей кетсек, Кызыл-Омпол кени боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарып алынып, кенди иштетүүгө толук тыюу салынганын биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов расмий билдирген. Бирок, бүгүнкү митингдин катышуучусу Равшан Жээнбеков, бийлик  уран кенин казуу жөн эле токтоп калбай турганын айтты.

Макул, камакта жаткан Зилалаев уранды казуу иштерине «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына кол койгон. Буйрукту ким берген? -Атамбаевби же азыркы бийликте кызмат кылып турган капчыктуулардын бириби? Так ушул маселе ачыкталса жакшы болот эле...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости