www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Адахан Мадумаров 22-апрелде маалымат жыйынын өткөрдү, Жыйындын жүрушүндө Адахан Мадумаров прези-дент Сооронбай Жээнбековду сынга алып: «Шайлоодон кийин мунапыс жарыялаш керек болчу. Мына Шавкат Мирзиеев мунапыс жарыялап 1,5 миң кишиге азаттык берди. Жээнбеков түрмөнү менчикке айлантып, мен айткан чыгат, башка чыкпайт деп олтурат. Мен башында эле айтканмын. Дагы айтамын. Бул бийликтин колунан иш келбейт» - деп жарылды.

Ошондой эле ал КСДПны Атамбаевден тартып алуута байланыштуу "КСДП партиясы мага жагабы, жакпайбы бул башка маселе. Мыйзам боюнча партияны алып, бирөөгө берип койгон абийирсиздик. Эми бүгүнкү бийлик ачык чыгып күрөшсө болмок. Кылтыйтып бир нерсени сасытып коюп отура бергени жакшылыкка алып барбайт. Бул аябай одоно болуп калды. Бир партияны алып башка бирөөнө берип коюш, күчтүү президенттик башкаруу деген Акаевдин түшүнө, Бакиевдин оюна да келген эмес" - деп билдирди.

Булак: "Фабула"

 

 

Последние новости