www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин NazarNews сайты кыргыздын эң алдыңкы модель кыздарын коомчулукка таанытуу максатында “Сулуу жан” аттуу жаңы рубрикасын ачкан. Бул рубрикадан ай чырайлуу кыздар тууралуу кеңири маалымат алып, алар эмгектен сфера тууралуу кеңири маалымат аласыздар! Бүгүнкү каарманыбыз ар тараптуу, бир нече сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Айжамал Осмонова.

-Айжамал, чыныгы сүйүү бар экенине ишенесиңби?

-Ооба, аябай ишенем.

-Сүйүү үчүн кандай курмандыктарга бара аласың?

-Эгер бир адамды аябай жактырып калсам, ал үчүн бардык курмандыктарга барышым мүмкүн.

-Эгер сүйүктүүң “Карьераңды ташта десе” макул болосуңбу?

-Жок. Карьераны таштабаш керек деп ойлойм. Анткени өзүм кызыккан ишим менен алек болушум керек. Ар бир сулуу айым бир эле учурда баардыгына жетише алат. Азыркы тапта үй-бүлө менен ишти бир калыпта алып кетсе болот.

-Курорттук романдарга ишенесиңби?

-Билбейм. Айта албай жатам. Болот болушу керек. Кээ бир адамдар ишенет. Кээ бири ишенишпейт.

-Саясат азарты сени кызыктырабы?

-Саясатка коп деле кызыкпайм. Кээде гана теледен саясат тууралуу кызыктар болуп жатса, жаңы кабарларды угуп коём. Менин өзүмдүн кесибим журналист болгондуктан, көп учурда ишим да саясатка байланыштуу болуп калат.

-Кайсы саясатчыны “мыкты” деп баалайсың?

-Мен үчүн Бабанов мыкты саясатчы, өз ишин билген абдан жакшы жетекчи деп ойлойм.

-Эгер сен жактырган мырзанын үй-бүлөсү бар болсо, экинчи аялы болосуңбу?

- Жок, эч качан. Мен жактырып, ортодогу мамилебиз аябай ысык болуп турган күндө да ал мырзага жар болууга макулдугумду бермек эмесмин. Мен бир гана мырзанын жалгыз, туруктуу аялы гана болууну каалайм. Эч качан бирөөнүн экинчи аялы болуп, терс таасиримди тийгизип, токолу болуп жүргүм келбейт. Экинчи аял алган эркек кийин сөзсүз үчүнчү, төртүнчү аялын алат. Мындай эркектерге баары көнүмүш болуп калат. Эч токтолбойт.

-Жүрөгүңдө түнөк тапкан кыялыңдагы мырза барбы?

-Ооба.

- Жигит тандоодо алгач эмнесине көңүл бурасың?

- Жигит биринчиден жигит деген атка татыктуу болушу керек. Жигит болуп жаралдыбы ошол бойдон калышы керек. Элин-жерин коргоп, өзү баарына туруп берип, жакындарына, сүйүктүү адамына жөлөк-таяк болуш керек. Үй-бүлөсү бар, бактылуу турмушта жашоосуна шарт түзүп берип, үйүн камысыздоо зарыл. Мага эркекке тиешелүү сапаттары толук бар мырзалар жагат. Мырзалар үчүн сырткы сулуулуктун кереги жок.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости