www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Өмүрбек Чиркешович, Президент Алмазбек Атамбаев Европага болгон сапарында “Евроньюс” телеканалына берген маеги эл аралык резонанс жаратты. Өзгөчө Казак бийлигинин дарегине “Кыргызстандын башына оор күн түшүп турган 2010-жылдары казактар бизди 1,5 ай экономикалык блокадага алып, анын кесепетинен адамдар өлгөн” деген билдирүүсү эл аралык жаңжалга чейин жетип, казак ТИМи Кыргызстандан түшүндүрмө берүүсүн талап кылууда. 2010-жылы сиз да Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү элеңиз, чын эле ошондой болду беле? Атамбаев аны кандай максатта 7 жылдан кийин айтып жатат?
- Адамдар сыяктуу эле мамлекеттердин ортосунда да мамилелеринде өйдө-ылдыйлар болот. Бирок, бирге жашоонун эрежелери бар. Мамлекет арасында бул дипломатия деп коет. Эгер чындыкты, болгон нерсени кандай кабыл алганыңды тарс этип айта берсең бөтөндөр эле эмес, аялың, балдарың менен да жүз карашпай каласың. Ошон үчүн адамдарда негизги нерсени майда нерседен бөлө билүү, чоң, улуу нерсе үчүн майда-барат нерселерге көңүл бурбай, бирок аны эске алып коюу сыяктуу маданият миңдеген жылдардан бери калыптанган. Кыргызстанда эки жолу революция болду. Эки жолу тең бардык колу-коңшулар, дүйнөлүк коомчулук, ошонун ичинен Казакстан бизге өзгөчө жан тартуу менен мамиле кылып, колдон келген жардамын аяган эмес. 2010-жылкы окуялар убагында да Казакстан президенти Назарбаев жеке өзү көңүл буруп, кабар алып, “туугандарга эмне жардам керек” деп турган. Мен жогоруда айткандай, эгер мамлекет башчылардын ортосунда жеке пикир келишпестик болсо, ал элге залакасын тийгизбеши керек. Эгерде, мамлекет башчыларынын, мамлекеттердин ортосунда кандайдыр бир пикир келишпестиктер болсо, ал эске алынып, андан жыйынтык чыгарып, экинчи аны кайталабаганга аракет кылыш керек. Эгер, андай болбосо, Японияга эки атом бомбасын таштаган Америка экөө бүгүн дос болбойт эле го. Эгер, андай болбосо, тынымсыз согушуп келген Франция менен Германия бүгүн Евробиримдиктин негизи болуп, чогуу жашабайт эле го. “Агайыңды жаман деп, тууганды кайдан табасың” дейт. Эгер, чын эле Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда жагымсыз учурлар болсо, аны туугандарча сүйлөшүп, экинчи андай кырдаал кайталанбагыдай чечип алуу зарыл. Эми ошол окуялардан бери 7 жыл өткөндөн кийин Атамбаев Европага барып, “Биз Евразиялык экономикалык биримдикке кирбейт элек, Казакстан бизди экономикалык блокадага алып, шорубузду катырмак, ошон үчүн аргасыздан кирдик, Евробиримдикке кирели деп сурандым эле, бирок силер кабыл алган жоксуңар”- деп, ЕАЭБке тең укукта киргенибизди жокко чыгарып, аргасыздан, басым менен киргенибиздей айтты. Экинчиси, “2010-жылкы өлкөдөгү кыйын мезгилде Казакстан атайын экономикалык блокада жасап, ал Кыргызстанда адамдардын өлүмүнө себеп болду” деп айтты. Учүнчүсү, “түштүктөгү улут аралык кагылышуунун тутанышына кээ бир өлкөлөрдүн атайын кызматтары күнөөлүү, ошолор уюштурган” деп айтты. Мен дагы айтам, Европа үчүн Казак менен Кыргыз бир. Европага арызданып, казак-кыргыз ортосундагы мамиле чечилбейт. Мына эми Атамбаев ушул билдирүүсүнөн кийин Казакстан менен дагы бир жыл мамилени оңдой албайт. Кээ бирлер “Атамбаев азамат, чындыкты тайманбай айтты” деп мактап жатышат. Айтыла турган сөз болот, ошол эле учурда айтылбай турган чындык болот. Айырмалабай айта бергенди акылы жок дейт. Мен азыр парламенттеги 119 депутат тууралуу болгон чындыкты айтсам, эртең алардын бири менен да учураша албай калам. Мамлекеттерде да ошондой, эгерде, мамлекеттер ортосундагы чындык айтылса, алардын ортосунда согуш чыгышы ыктымал. Чындык эч качан элдердин ортосундагы мамилелерге зыяны тийбегендей болуусу кажет. Ал эми чек ара режиминдеги катаалдыктар коопсуздук маселесинен келип чыгышы мүмкүн. Мен ошентип эсептейм. Эми аны ар ким ар кандай кабыл алат. Атамбаев аны Назарбаевдин жеке ага карата жасаган карасанатайлыгы катары кабыл алып, ошол ызасын бүгүнкү күнгө чейин унутпай, Европага чейин барып жар салып келди. Мен муну кечиримсиз ката деп эсептейм.
- Алмазбек Атамбаев Европада Назарбаевге гана эмес, кыргызстандыктарга да салам-дубай жолдободубу...
- Туура, Атамбаев Европада “мураскериңиз барбы” деген суроого жооп берип жатып, “Мендей принципиалдуу жана күчтүү президент келбейт го...” деп өзүн мактагысы келди. А чынында, ал президент катары өз элин кемсинтти. Уучу куру эл болбойт, Манас өлгөндөн кийин деле кыргыз эли жашап келе жатат. Атасы көчөгө чыгып, “мен өлсөм, балдарым эптеп жашап кете албайт гоо...” деп балдарынын алсыздыгын, мажирөөлүгүн жарыялагандай эле болду. Бул айтканы менен Атамбаев өзүн мактайм деп, кыргыз элин паска чапты. Ошентип, Атамбаев Назарбаевге эле эмес, “Ата Мекен” партиясынын лидерлерине жана башка оппоненттерине болгон ызасын Европага барып айтып, жеңилдеп алды. Бир сөзүндө “Мени көралбагандарды күзгө чейин тып-тыйпыл кылып жоготом” деп айтты. Ошол тушта “Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин бири Алмамбет Шыкмаматовго кылмыш иши козголду. Көралбагандар эл душманы, алар жоготулушу керек деген түшүнүктөр европалыктардын маданиятына сыйбайт, алар аны түшүнбөйт. Алар оппоненттерин төргө өткөрүп, сыйлайт. Кыскасы, Атамбаев тоталитардык диктатор, орто кылымдагы падыша катары өзүн көргөзүп келди.
- Атамбаев сиздерге эмне үчүн мынчалык ыза болушу мүмкүн?
- Атамбаевдин кыргыздын Ататүркү болсом деген кыялы бар. Ататүрк болуу үчүн мамлекеттин жашап жаткан негизги эрежелерин көп жылга аныкташы керек. Андай эрежелердин эң ириси – Конституция. Апрель айында Атамбаев “Текебаевдин Конституциясы туура эмес, мен жаңы концепция сунуш кылам” деп, жаңысын киргизди. Анын маңызында Текебаевдин конституциясында адам укугуна көп маани берилип калыптыр, мен түзгөн конституцияда мамлекет, улуттук баалуулуктар, дөөлөттөр жогору туруп, аларды камсыз кылыш үчүн адам укугу чектелет деген философия камтылган. Бул кадимки эле тоталитаризмдин философиясы. Муну кыргыз коомчулугу эле эмес, эл аралык коомчулук, ошонун ичинен бизге эң жакын союздаш болгон Россиянын саясатчылары да сындап чыгышты. Башка өлкөлөрдүн, мисалы, Ирандын, Түндүк Кореянын, Өзбекстандын, Кытайдын, Казакстандын, Россиянын ж.б. конституцияларында деле мамлекет адам үчүн, адамдын жакшы жашоо укугун камсыз кылат деп жазылып турат. Атамбаев тескерисинче, адам мамлекет үчүн деген идеологияны түздү. Адам мамлекет үчүн деген сөз, чиновниктин кулу болот деген мааниден алыс кетпейт. Атамбаев мына ушундай идеологияны киргизди. Бирок, анысы катуу каршылыктардан улам суу кечкен жок. Атамбаев сынды, ал идеясынан баш тартты. Ошондо, “Ата Мекенге” кек сактап калды. Утулганына чыдабай, намыстанды. Анан эптеп, ар жеринен өзгөртүүлөрдү киргизип, күч-зордук менен референдумду өткөрдү. Референдум жарыяланганда ал “ким менин референдум өткөрүү идеяма каршы чыкса, ал эл душманы, бузуку, сасык саясатчы, чыккынчы”,- деп ачыктан-ачык жар салды. Атамбаев тарыхта өзүнүн ордун өзгөчө белгилеш үчүн 2010-жылдагы тарыхты кайра жазганга аракет кылды. Ал үчүн Роза Исаковнанын тарыхый эмгегин, ал аткарган миссияны жокко чыгарып, УӨкө акаарат келтирди. “УӨтүн мүчөлөрүнүн кылмыш кылгандарынын бетин ачам” деп борбордук аянтта балп эттирди. Бирок, УӨтүн (Иса Өмүркуловдон башкасы) бардык мүчөлөрү биригип, Атамбаевдин аракетине баа берип, анын 2010-жылдагы революциялык идеялардан кайткандыгын, бийлик балансын бузуп, өзүнүн жеке бийлигин орнотууга аракет кылып жаткандыгын ашкере кылды. Бул нерсе экинчи жолу анын намысына тийди. Ал гана турсун, аны тарых алдында, эл алдында дагы бир жолу сындырды. 31-январда мародерлорду табам деди. Эки жума узабай, “Ата Мекен” партиясы Атамбаевдин Максим Бакиевдин Кой-Таштагы 2,7 га жерине миллиондогон долларга хан сарай салып жатканын далилдер менен көрсөтүп, элге жарыялады. Атамбаев “УӨтүн мүчөлөрү кедей эле, 2010-жылдан кийин байыды, мен алардын байлыгынын булагын таап көргөзөм” деди эле, “Ата Мекен” партиясы Атамбаев өзү мактангандай бай эмес экендигин, 90-жылдары сатып алган завод-фабрикалдарынын баарын бөлүп-жарып сатып, 2007-жылдан бери бизнессиз, куру жалак калгандыгын далилдеп, үй кожейкеси болуп отуруп, эч кандай киреше таппаган аялы Раиса Атамбаеванын 2011-жылы банктык эсебине миллиондогон акчалар түшкөндүгүн далилдеп берди. Максим Бакиевдин бизнестерин, мүлктөрүн (банктарын, заводдорун, жерлерин, пансионаттарын ж.б. объектилерин) Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү иштетип жаткандыгын же өздөрүнө каттатып алгандыгын далилдедик. Атамбаев Акаев, Бакиевдерден кийин тарыхта абийири менен президент болуп калсам деген кыялы бар эле. “Ата Мекен” партиясы ошол кыялынын ташын талкан кылды. Ошол ызасына чыдабай, “күзгө чейин жоготом” деп, Европадан салам-дубай жолдоп отурган кербези.
- “Ата Мекен” партиясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовго “коррупция”, “кызматтык жасалмалуулук” беренелери боюнча иш козголду. Буга кандай баа бересиз?
- Бул саясий куугунтук. Айла кеткендеги иш. Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп иштеди. Байлык: жер, унаа каттаган, пасспорт берген жерде жетекчи болуп таза иштеген адам, бир нече жыл Юстиция министрлигинде кынтыксыз иштеген адам аудитор болуп туруп, бир нерсе жасамак беле?! Мунун баары ойдон чыгарылган жалаа экендиги ачык көрүнүп турат. Шыкмаматовго карата кылмыш ишинин козголушу анын оппозициялык ишмердигине түздөн-түз байланыштуу деп эсептейм. Мисалы, УКМК башчылары “Айкөл Ала-Тоо” бирикмесинин жетекчиси, парламенттеги КСДП фракциясынан депутат болгон Мискенбаевдин үстүнөн түшкөн арызды текшерип, былтыр 2016-жылы парламентке кат жолдогон. Ал катында: “Көмүр чыгарган ишкана Апрель ыңкылабынын катышуучуларына бөлүп берген көмүрдү Мискенбаев сатып жиберип, 3 миллион сомго жакын сумманын дайынсыз жоголгону, ал бухгалтердик документтерде катталбагандыгы, салык отчеттерунда да ал тууралуу көргөзүлбөгөндүгү далилденди, ал акча жоголгондугу тастыкталды, ага кылмыш ишин козгоо тууралуу Башкы прокуратурага жөнөтүлдү”,- деп жазылган. Андан бери канча убакыт өттү. Эмне үчүн Мискенбаевге азыркыга чейин иш козголбойт?! Анткени, Атамбаев Мискенбаевге бизди жамандатып, аны коргоп келатат. Ал эми экс-депутат Абдрахманов 150 миң сомдук Кытай диванын Италия диваны деп, 1 миллион 101 миң сомго, дээрлик 10 эсе кымбатка Жогорку Кеңешке саткан. Муну Эсеп палатасы тастыктаган, экспертиза аныктаган. Эмне үчүн ага иш козголбойт?! Анткени, ал Атамбаевге “Ата Мекенди” жамандаганга керек. Мен азыр майда нерселерди гана айтып жатам. Энергетика, жол куруу тармагындагы миллиарддаган “жемекейлерди” мен учуру келгенде айтам...
Динар ТУРДУГУЛОВА