www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыккыс неврологиялык ооруга чалдыккан канадалык ырчы Селин Диондун эжеси HELLO! басылмасына бир тууганынын абалы тууралуу айтып берди. 

Клодетте Диондун айтымында, анын эжеси күчтүү айым жана айыгып кетүү үчүн болгон аракетин кылып жатат. «Булчуңдардын тырышып калуусун көзөмөлгө ала албайт экенбиз. Сиздерде деле түн ортосунда бутуңуздардын булчуңдары тырышып ойгонгон учурлар болсо керек. Эжемдики да ушул сыяктуу, бирок денесиндеги бардык булчуңдар тырышып калат. Аны колдой эле алабыз»,- деди ал. 

Үстүбүздөгү жылдын май айында 55 жаштагы Селин Дион оорусуна байланыштуу 2023 жана 2024-жылдары дүйнөлүк турненин алкагында пландалган бардык концерттерин токтотуп жатканы кабарланган. Жалпысынан жылдыз Европанын шаарларында 40тан ашык концертин токтоткон.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости