www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокуратуранын Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду жоопко тартуу үчүн тергөө жүргүзүүгө уруксаат берүү сунушун парламент каникулга чыгаар алдында колдоп, эл өкүлү кол тийбестик укугунан ажыраган.
Андан бери Мадумаровду суракка алып, ишин тергеп жатканы боюнча деле кабар айтылган жок. Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты сыяктуу эле баары тынчып калган. Мадумаровдун деле ошондон бери үнү чыкпады.
Эми болсо Мадумаров боюнча тымый түшкөн иш жанданып, бүгүн суракка алып кеткени айтылды. Болгондо дагы көчөдөн спецназ менен кармап кетишкени талкууланып жатат. Сыягы, ишти илең-салаң кылып чойбой бир жаңысыл кылалы дешкен көрүнөт.
Бирок, бизге жеткен маалыматтарга караганда бийликтин Мадумаровду камоо планы жок дешет. Антип кадырын көтөрүүгө кызыкдар эмес. Болгону суракка жетелеп жүдөтүп, эч жакка чыкпай турган кылып, ашыкча ооз ачпагыдай абалда кылтакта кармап туруу экен.
Булак: NazarNews.kg