www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасында айыл чарба тармагын өнүктүрүү жана фермерлерди колдоо максатында бир катар мамлекеттик долбоорлор ишке ашырылууда. Бул программалар айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө, ошондой эле мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган.

Аталган долбоорлорду ишке ашырууда дыйкандарга жана фермерлерге жеңилдетилген каржылык колдоо көрсөтүүдө негизги өнөктөш катары «Айыл Банк» ААК активдүү катышып келет. Банк аркылуу фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилип, айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө реалдуу шарттар түзүлүүдө.

Азыркы учурда мамлекеттик колдоонун алкагында «Айыл чарбасын каржылоо – 14» долбоору ишке ашырылууда. Долбоордун жалпы бюджети 1 млрд 224 млн сомду түзөт. Анын алкагында өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы багытындагы ишмердүүлүк үчүн 1 млн сомго чейин, ал эми сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү үчүн 3 млн сомго чейин каржылык колдоо көрсөтүлүүдө.

Мындан тышкары, «Агроөнөр жай комплексин каржылоо» долбоору да ишке ашырылууда. Долбоордун бюджети 227,6 млн сомду түзөт. Бул программа аркылуу өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы менен алектенген фермерлерге 5 млн сомго чейин, ал эми агрегациялык ишмердүүлүк жүргүзгөн субъекттерге 300 млн сомго чейин каржылык колдоо каралган.
Ошондой эле мал чарбасын сапаттык жактан жакшыртуу максатында «Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү» долбоору ишке ашырылууда. Долбоордун жалпы бюджети 616 млн сомду түзөт. Анын алкагында асыл тукум заводдорго жана фермаларга 20 млн сомго чейин, импортерлорго 20 млн сомго чейин, жасалма уруктандыруу боюнча техниктерге 2 млн сомго чейин, ошондой эле фермердик чарбаларга жана жеке ишкерлерге асыл тукум уйларды жана кунаажындарды сатып алуу үчүн 20 млн сомго чейин каржылык колдоо көрсөтүлөт.

Бул долбоорлорду ишке ашырууда «Айыл Банк» ААК фермерлерге жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жеткиликтүү каржылык кызматтарды сунуштап, мамлекеттик программалардын натыйжалуу ишке ашырылышына өбөлгө түзүүдө.

Жалпысынан, бул мамлекеттик долбоорлор айыл чарба тармагын модернизациялоого, өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө, жаңы технологияларды киргизүүгө жана фермерлердин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
 
 

Последние новости