www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасында “Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа” (JDS) долбоорунун 2025-жылга карата Башкаруу комиссиясынын экинчи отуруму болуп өттү.

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Э.Н. Джантаев, ошондой эле Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хирано Рюичи, Япониянын эл аралык кызматташуу агенттигинин Туруктуу өкүлү Нишигата Котаро жана Башкаруу комиссиясынын мүчөлөрү катышты.

Отурумду ачкан Агенттиктин директору Э.Н. Джантаев Япония тарапка Кыргызстандын мамлекеттик кызматы үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого көрсөтүп келе жаткан көп жылдык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө JDS-2025 программасына талапкерлерди тандоонун жыйынтыктары каралды. Тандоо бир нече этаптан турду: арыздарды текшерүү, англис тили жана математика боюнча экзамендер, жапон университеттеринин профессорлору менен техникалык маектешүү жана Башкаруу комиссиясы менен жыйынтыктоочу интервью.

Ошондой эле талапкерлердин аймактардан болушуна өзгөчө көңүл бурулду. Агенттиктин директору өлкөнүн аймактарынан адистерди даярдоо мамлекеттик башкаруу системасын күчөтүүдө маанилүү экенин белгиледи.

Жыйындын катышуучулары программанын кийинки этаптарын жана финалисттерди Япониянын алдыңкы университеттеринде окутууга жөнөтүүнүн уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Жыйындын жыйынтыгында программа боюнча 19 финалистти бекитүү пландалууда. Жыйынтыктар бекитилгенден кийин тиешелүү мамлекеттик органдар талапкерлерди окууга жөнөтүү үчүн документтерди даярдоого киришет.

Жыйын соңунда Агенттиктин директору JDS программасы мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана Кыргыз Республикасы менен Япониянын кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөгө чоң салым кошорун белгиледи.

Последние новости