www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кырдаал оор, былтыркы жылы кургакчылыктын запкысын тартсак, быйылкы жылы орус-украин согушу дүйнөнү кымбатчылыкка кептеди. Айыл чарбасы мурунку колхоз-совхоз учурундагыдай бекер оокатка  көнбөй өз жанын, өзү тырбалаңдап багып келатканына чейрек кылымдан ашуун убакыт болду. Ушул жерде Мамытбай Салымбековдун айыл чарбасына тийгизген эмгегин айта кетпесе болбойт. Ал көптөгөн райондорду айыл чарба техникалары менен комплектөөдө дыйкан, фермерлерге жардамын берип келатат. Айрыкча Кочкор районунун Мамытбай Салымбековдун көмөгүн көргөн дыйкан, фермерлери анын жакшылыгын айтып түгөтө албайт. Ушундай ишкер адамдар көп болушса айыл чарбасы ханга салам бербей өз мамлекетибизди өзүбүз кенен багып кетебиз.

 Жаз алды президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап, өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурду жана чыркыраган чындыкты айтты. Эгерде биз өткөн кургакчыл жылдын жана быйылкы эл аралык жаңжалдардын кесепетинен элибизди негизги тамак-аштар менен камсыз кыла албай калсак, анда кыйынчылыкка кабылабыз. Ушул маселелерди эске алып, Президентибиз мамлекеттик казынада топтолгон каражаттын көпчүлүгүн, тактап айтканда, 26 миллиард сомду атайлап айыл чарбасына бөлдү. Акыркы 30 жылдын ичинде мынчалык көлөмдөгү жардамды алмак тургай көргөн дагы эмеспиз. Ошентип Садыр Жапаров өзүнүн мамлекеттик вазийпасын ишке ашырып айыл чарбабызды алдыга жылдыруунун алгачкы кадамын шилтеди.

Эми ушунчалык көп каражатты ар бир дыйканга, малчыга, кайра иштетүүчүгө тезирек жеткирип, ошонун үзүрүн быйыл күздө эле көрүүнү ким камсыз кылат? Албетте, айыл чарба министрлиги. Бирок менин пикиримде, бул тармактын жетекчиси Аскарбек Жаныбеков бул зор милдетти аткарууга шайы келбей калды окшойт. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков жөнүндө жаман сөздөрдү уга берип ашмалтай болуп бүттүк.

Бул киши “айыл өкмөтүнө тийиштүү 15%дык жер үлүштүн 25%ын айыл чарба министрлигине өткөрүп бергиле, биз мамлекеттик үрөн чарбаларын ошол жерлерге уюштуралы” десе, партиялаштары Нуржигит Кадырбеков менен Султанбай Айжигитовго окшогон депутаттар караманча каршы чыгып, “булар бизнес жасаш үчүн ушуну кылып жатат” дегенге чейин барышты. Чын-чынына келгенде, айыл өкмөттөрү 15%дык мамлекеттин үлүш жерин кантип арендага берип чөнтөктөрүн кампайтып жүргөндөрүн билебиз. Эми мунун үстүнө министр мырзанын сунуштаган долбоору кошулса эл чалкасынан жатып калабы?

Учурда, дыйкандар түшүмдүүлүк сортуна карабай, “эптеп эле чыгып берсе” деген мааниде айдап-сээп калышкан. Ошон үчүн сорттуулук, түшүмдүүлүк жоюлуп баратканы жаңылык деле эмес. Ушундан улам, министр Аскарбек Жаныбеков мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон долбоорун сунуштап келип отурса, депутат Султанбай Айжигитов кыжылдашып айтышып, өзүнүн кол тийбестигинен пайдаланып, “мыйзамда көрсөтүлгөн депутаттык укугумдун 78-беренеси бузулуп жатат, андан тышкары, менде баткендиктерден министр мырзага арыздары бар” деп башкы прокурорго “кабыл алып коюңуз” деп суранып отурат.

“Реформа жасайын деген жетекчилерди минтип прокуратура, сот менен коркутпай, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бирге эле иштеше бербейби?” дегиң келет экен. Ажобуз өзүнүн министрлерин туш келди салып бербейт го, эгерде колдоого алынбаса, анда тобокелчиликке барып, реформаны эч ким кылгысы келбейт. Андыктан көрүнүктүү кадрларды коргош керек. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков мамлекет башчынын терең ишеничин актай албай жатат. Ал министр болуп дайындалганда Жаныбеков жап-жакшынакай, жөп-жөнөкөй, калыс, ишин билген адис жана орой сөз айтпаган маданияттуу инсан эле. Азыр болсо ал 180 градуска өзгөрүлдү. Чексиз бийлик колуна тийгенден кийин Жаныбековдун көзүн май басты. Кыргыздар "адамды бийлик жана байлык бузат" деп бекеринен айтпаса керек. Өзү колунда бар бай жигит.

Өзүнчө менчик чарбасы бар, азык-түлүк өндүрүп, асыл тукум мал жана үрөнчүлүк менен алектенет. Алардан жакшы киреше табат. Турмушта байлыкка бийлик кошулганда ого бетер жаман экен. Азыркы учурда ал өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип жаткан кербези. Мурун кичипейил болсо, азыр эч кимди көзгө илбейт, орой сөз менен адамдын көңүлүн калтырып коюу, ал үчүн бир тыйынга да татыбайт. Жаныбеков ушул учурда чыныгы чиновник-"партократка" айланды жана сын-пикирди тап-такыр кабыл албайт. Кошоматчыларды тегерегине топтоп, аларды кубаттоо айттырат.

"Кошоматчы кишини кондурба да, түнөтпө" деп журтубуз бекеринен айтпаса керек. Бирок мындай акылман сөздү министр уккусу да жок. Кокустан бир майда-чүйдө эле сын айтып койсоң, балээге калдың. Артыңдан октой кубалап, максатына жетмейинче сени тынч койбойт. Дароо эле шылуундардан турган комиссия түзүп, ишиңди ийне-жибине чейин текшертет, абийириңди айрандай төгөт. Натыйжада, жок эле дегенде сөгүш берет же кызматыңдан кубалайт. Айыл чарба министрлигин жеке менчигиндей көрүп, 11 миң адис иштеген мамлекеттик мекемени тим эле чөнтөгүнө салып алды. Тилекке каршы, аны "кой-ай" деген киши жок. Ошондон пайдаланып "бул дүйнөдө менден башка киши жок" деген принцип менен иштеп жатат.

Президент Жапаров бир жолу министрлердин орун басарларын тап катары жоюш керек деген пикирин айткандай болду эле. Ал эми айыл чарба министринин болгондо дагы 4 орун басары бар. Буга ким уруксат берген? Болсо болсун дейли, бирок алардын деңгээли аябай төмөн, адистик сапаты жокко бара бар, өндүрүштүк тажрыйбалары жок болуп жатпайбы. Анан кантип ошолор Садыр Жапаров айыл чарбасына бөлүп жаткан эбегейсиз каражаттарды туура жана максаттуу өздөштүрө алышат.

Миллиарддаган сомдор кедей-дыйкандардын колуна тийбей, дагы эле кайрадан бай-манаптарга белек болбойт деп ким кепилдик бере алат. Эгер быйыл Президентибиздин эмгеги талаага кетсе ага ким жооп берет? "Жаз жарыш, күз күрөш" дейт. Жаз келип, ал кызуу жүрүп жатат. Бирок 1,5 миллиард сомго сырттан кымбат баада сатылып алынган үрөндөрдүн чети эле көрүнүүдө. 16 миң тонна үрөндүн баары качан келет? Алар кечигип келсе анда эмне болобуз. "Темирди кызуусунда сок" деген кеп бар. Азыркы учурда дыйкандар күйүүчү май жана жер семирткичтерди ала албай жатышат, себеби алар өтө кымбат. Бул максатта өкмөтүбүз бир нече миллиард сом бөлбөдүбү эле, алар кайда кетти? Ошол каражаттардын негизинде дизтопливо менен азоттун баасын эмне үчүн төмөндөтүшпөйт? Буга түздөн-түз айыл чарба министрлигинин жетекчилиги күнөөлү.

Дагы бир маселе. Аскарбек Жаныбеков күн-түн дебей телерадиодон булбулдай сайраганы менен, эмдигиче Республиканын таалаларында быйылкы жылы канча гектар жерге кандай өсүмдүктөр себилээри тууралу так маалыматты айтпай келет. Эми жок дегенде чет мамлекеттерден баасы көтөрүлүп кеткен долларга сатылып келип жаткан буудай, ун, кумшекер жана өсүмдүк майын быйыл өзүбүздө эле өндүрсөк болот да.

Ал үчүн буудайдын жалпы аянтын 350 миң гектарга жеткириш керек, кант кызылчасын 20 миң гектарга себүү зарыл, ал эми май өсүмдүктөрүн (күн карама, сафлор, зыгыр жана соя) 50 миң гектарга жеткирүү керек. Мына ошондо гана биз бирөөнүн көзүн карабай, быйыл эле элибизди сапаттуу жана арзан азыктар менен камсыз кыла алабыз. Ушундай таамай иштерди айткандын ордуна, министр Жаныбеков талаага сүйлөп санжыра айтып, элдин кыжырын келтирип жатат. Минтип олтурсак оңолбойбуз го? Кыскасы, Аскарбек Жаныбеков айыл чарбасын жайлаганы калды окшойт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости