www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы заманбап автоматташтырылган фото жана видеофиксация комплекстери аркылуу жол эрежелерин бузууларды аныктоону улантууда.
ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиргендей, кезектеги текшерүүдө Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаадан жасалма мамлекеттик каттоо номери колдонулганы аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында буга чейинки мыйзам бузуулар боюнча салынган айып пулдардын жалпы суммасы 161 миң сомду түзгөн. Унаа айып короого киргизилди.
Айдоочу жасалма номерди айып пулдардан качуу максатында орнотконун билдирген.
ЖКККББ заманбап фото жана видеофиксация системалары жол кыймылынын эрежелерин бузган унааларды аныктоого мүмкүндүк берерин эскертти. Мекеме жасалма мамлекеттик номер колдонуу жоопкерчиликтен качууга жардам бербей турганын белгиледи.