www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан учурда Кырчын жайлоосунда тамак-аш объектилерине жана коноктор жайгаша турган жайларга санитардык көзөмөл күчөтүлөт.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, иш-чара өтө турган аймакта 120дан ашык тамак-аш объектиси иш алып барат. Алты күндүн ичинде 50дөн ашык адис тамак-аш азыктарынын коопсуздугун жана санитардык талаптардын сакталышын көзөмөлдөйт.
Мындан тышкары, адистер мейманканаларды жана башка жайгаштыруу объектилерин текшерип, санитардык документтерге жана тамак-аш даярдоо шарттарына өзгөчө көңүл бурушат.
Ошондой эле Кырчын аймагында канализация жана септик системасы менен жабдылган 8 стационардык даараткана каралган.
Көзөмөлдүн негизги максаты — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген катышуучулар жана коноктор үчүн коопсуз санитардык шарттарды камсыз кылуу.