www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак илбирстин логотиби жана колдонуу тартиби бекитилди

Министрлер кабинети ак илбирсти өлкөнүн улуттук символу деп таануу жөнүндө токтом кабыл алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон документте ак илбирстин расмий логотибин кабыл алуу жана аны колдонуу тартиби да каралган.

Белгилей кетсек, бул чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 369 «Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Кыргызстандын жаратылыш жана маданий мурастарын чагылдырган символдорду сактоо, коргоо жана популяризациялоо максатында кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине ак илбирстердин популяциясын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү тапшырылды. Бардык мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, уюмдарга жана мекемелерге, менчигинин түрүнө карабастан, бул токтомду жетекчиликке алуу жазылды. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Последние новости