www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын энергетикалык тармагындагы көйгөйлөр жыл сайын кыш мезгилинде курчуп, эл арасында тынчсыздануу жаратып келет. Бирок быйыл бул маселеге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзгөчө көңүл бурду. Ал 23-октябрда Нарын райондук электр тармактар ишканасынын жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып: “Кыш келе жатат. Суу аз, бирок мамлекетте свет өчпөшү керек. Элге оорчулук жүктөлбөшү зарыл”, - деп баса белгиледи.
Бул сөз жөн гана буйрук эмес, элдин турмушуна кам көргөн, жоопкерчиликтүү жетекчинин позициясы десек жарашат. Себеби Ташиев энергетиктерге жана тиешелүү министрликке элдин жарыгын өчүрбөй, мамлекеттин туруктуулугун камсыздоо деген саясий жана моралдык тапшырма жүктөдү. Бул жагдай бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин эске салган маанилүү чакырык.
Тилекке каршы, Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин акыркы айлардагы билдирүүлөрү коомдо нааразы пикирлерди жаратпай койгон жок. Министр элди түшүнүү менен кароого чакырып, авариялык өчүрүүлөрдү табигый көрүнүш катары түшүндүрүп келет. Бирок коомчулук муну “жоопкерчиликти моюнга албоо” катары кабыл алууда. Эл үмүт арткан министрликтен себеп эмес, чечим күтүп жаткан чак.
Чынын айтыш керек, эл министр Ибраевдин чет элден электр энергиясын сатып алууга аргасыз экенидиктерин, бирок баасын жашыруун кармап, үнөмдүүлүк тууралуу кайталаган чакырыктарына тоюп бүттү. Ал эми Ташиевдин билдирүүсү болсо, ошол эле көйгөйдү элдин кызыкчылыгынан карап чечүүгө чакырык.