www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эх, мына эгемендүүлүктү алганыбызга убакыт чейрек кылымдан ашты, ушуга чейин эмне деген гана ачуу сөздөр бийлик тарапка айтылды, бирок эч майнап чыккан жок. Дагы эле баягы көрүнүш, баягы эле ачуу сөздөр, сын тагуулар, наалып-напчып, куйүп бышкан карапайым калк.
Элдин аң сезими өстү, алдангандан тажады, анткен менен ырыскы түгөтөр, алдым-жуттум жемкорлордун жаңысы пайда болууда.
Эмне үчүн өкмөт чечкиндүү кадам таштап, жемкорлорго бөгөт коё албай келет? “Кулдун тукуму бийликке келсе түбү ачка, байлык кубалайт”, деген кеп бар. Ансыңары жогорку кызматка түбү ачкалар келип, ач көздүккө берилип, жемкорлук уланып жатабы?-деген суроо туулушу толук мүмкүн. Анткени кечээ саясат айдыңда жок ширкенге баш чечектер, акчанын күчү менен ишке келип алышып, ойго келбеген акчаларды ичип-жеп “ап” эткизип алгандары ачыкка чыгып жатканы “ачкөздөр өлсө дагы, ачкөздүк өлбөйт” деп айтылган сөздүн аныктыгынан белги бергенсийт.
Айткандай эмне үчүн мурда сот жообуна тартылгандар, жемкорлук менен иштен четтетилгендер кайра эле жем аңдыган жорулардай болуп, ак-үйдүн айланасынан кете албай жүрүшөт?
Керек болсо куудулдар дагы бийликтегилерди шылдыңдап, сахнага интермедия коюп чыгышты. Ушул эле эмне деген шалаакылык. Сын-пикир ооз менен эле айтылып калбастан, сахналашып да кеткени, эмнеге чоңдордун намысын козгобойт? Эгер азыраак намыс болгондо билермандар күнөөлөрүн моюнга алып, жок дегенде кетирген каталарын кайталабай оңдоп коюшса анда сөз башка эле.
Ушул убакытка чейин канча чиновник жемкорлук менен кармалып сот жообуна тартылды, бирок дагы эле ошол көрүнүш кайталанып келе жатканы бул жаш баланын оюнундай эле көрүнүш болуп калды. Анын себеби, азыркы жемкорлук менен кармалып темир тордун артына киргендер жыл айланбай бошонуп чыгышат да, кайра эле ак-үйдө иштеп жаткан болот. Анан кантип жашоо оңолот да, кантип коррупция жоюлат?
Булак: NazarNews.kg