www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ичинде кири жок, бапыраңдаган адамдай көрүнгөн Зарылбек Рысалиев эмнегедир ким президент болсо эле ага баш оту менен берилип кеткен адаты бар дешет аны жакындан билгендер. Анысын го жетекчини сыйлаган сапатка эгедер экен дейли. Бирок, кээде аша чаап кеткенде аягы кандай болоор экен деп ыңгайсыз боло түшөт экенсиң.
Маселен, Алмазбек Атамбаевге катуу ишенип, Текебаев менен кармашты. Жыйынтыгында Атамбаев ага ишенип иштеген Рысалиевди эмес, кыргыз саясатында барандуу орду бар Текебаевди тандап алып, Рысалиевди Ички иштер министри кызматынан ишиң бүттү дегенчелик кылып акырын эле кетирип койгон.
Бирок, Рысалиевге ал нерсе сабак деле болгон жок. Экинчи жолу Атамбаев аны өз кызыкчылыгы үчүн крим төбөл Батукаевди чыгарыш үчүн Жаза аткаруу кызматынын төрагалыгы кызматына койгон деген кеп бар. Ошол кептин чындыгы барбы Рысалиев Азиз Батукаевди кызыл килем менен узатып жибергенден кийин отставкага кеткен. Көптөр, Атамбаевге ишенип, как талаада калды дешкен. Бирок, анын багына жердеши Бабанов “Республика” деген партия ачып койгон экен, Рысалиев Жогорку Кеңеште депутат болуп, кайра саясий аренага келди. Депутат болуп келгенде саясаттагы өчкөн жылдызы кайра жангандай эле болду. Бирок, ал эмнегедир Атамбаевдин эмес, Бабановдун партиясынан мандатка ээ болсо да, Бабановго анча ыраазы эместей таасир калтырат. Ыгы келе калган жерден ага каршы сүйлөйт. Рысалиев Бабановду сындап же каралап президентке жагайын деп жаткан жокпу деген ойго келет экенсиң. Бабановду жамандагыдай ал ага жамандык деле кылган жок го. Эч ким болбой калганда депутат кылды эле...таң каласың да таң каласың...
Булак: NazarNews.kg