www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы маалыматтарга таянсак Кыргызстандын бийлиги 2017-жылдын 17-мартында Аксы окуясында шейит болгондордун элеси үчүн чо-оң оюн-зоок өткөрүүнү пландап, ага Өкмөт башчысы С.Жээнбеков, Президенттин аппарат башчысы Сапар Исаков катышат имиш.
Илгери, 2002 - жылы май-июнь айларында Аксылыктар чындык издеп Аксы-Жалал-Абад-Ош жөө жүрүш жасаганда Шарип атанын бир уулу Ж.Шарипов ( Азыркы Премьер-министрдин агасы, ошондогу Жалал-Абад облусунун губернатору) Жалал-Абадта Аксылыктар олтурган жерге чочконун заңын (богун) төктүрүп, куугунтук кылганы, Аксы элин экиге бөлүп Кербенде оюн-зоок өткөрүп Акаевге чо-оң кызмат кылганы эсибизде.
Эми Шарип атанын даагы бир уулу, Атамбаевдин Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков агасынын ишин улантып улуттук кайгылуу күнү оюн-зоок өткөрөм дегенине жол болсун... Ал оюн-зоокту 18-мартта өткөрсө болбойбу? 17-мартта Аксыда өтө турган элдик эскерүү жыйыны болчу жерге чочконун заңын (богун) төктүрүү үчүн "шоопурдун шоопуру" атанган Аксылык СДПКчы "Каныбек" атту жигит чочконун богун издеп жүрөт имиш дейт.
Кантседа майрамдык маанай менен майрам кандай жакшы. Бирок кайгылуу күнү майрамдык маанайдын кереги барбы? - деген суроо жаралат. Эмнеси болсо дагы кайсы жаныбардын богун төкпөсүн, өздөрү төкөн заңга өздөрү кулабаса экен тилек. Кыргызда, "оор казсаң кең каз" деп коёт, ошондо "заңды көп төкпөй аз төк" деп койсок болчудай. Жакшылык каалаган жакшы нерсе го. Тилекке каршы бул көрүнүшкө жаныбарлар дагы уялып жатат.
Талыкпас Тапалаков
Булак: NazarNews.kg