www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дегинкиси, ар кимге өзүнө жаккан, колунан келген кесип буйрусун деп ойлойм. Мен эгемен өлкөбүздүн маалымат мейкиндигинин сабында болгонума сыймыктанам. Өткөн мезгил ичинде биз да далай жолду арбытып койдук. Татаал, кыйчалыштуу кырдаал деген жагдайларды басып өттүк. Кыргызстан алаканга салыган кашыктай эле көрүнүп калды десем өтө аша чапкандык болбос.Чыны көп адамдардын саясый тарыхы көз алдыбызда өттү. Мен эле мен же жөн эле мен деген тегирмен барасындагы каармандарды көрдүк . Кечээ президент “тазаланыш керек”- деп айланасын карап айтты окшойт.
Мөөнөтү бүтүп жатканда айланасындагыларды көз сыдырымдан өткөрүп анан ушул кепти айтып жаткандыр деп бир топ ойлондум. 2008-жылдан бери СДПКнын сөөгүндөгү чучуктай таза тунук , калк арасында мунасып абройго ээ чыныгы каармандар ажонун айланасында, командасында болбой калганын эми сездиби дейт экенсиң. Ажонун автобусуна кайсыл бийлик болбосун ийилген кызматы бар “случайниктерге” бак таажысы тийди ал эми эл-жердин керегине жарайт бекенбиз деген ийги үмүт жүргөн чыныгы иштей турган жигиттер четте калды.
Азыр чын дилинден СДПКга күйгөн, партиянын оор күндөрү опол тоодой эмгек кылгандарды беш манжа менен санаса деле болот. Убада берилип,эмгеги бааланбай калгандардын тизмесин карай турган болсок, катарында мыкты иш билги кадрлар бар. Балким ошол азаматтар келсе, бүгүн СДПК мынчалык сынга кабылбайт беле.
Мен билгенден ошондой эр-азаматтардын бири Төлөнбай Нурбаев. Мыкты ишкер, чет өлкөлүк инвесторлорду тартып, Түштүк аймагында ири иштерди бүтүргөн. Миграция тармагында жыйынтыктуу иштерди аткарган . Бир сөз менен айтканда иштерман кадр. 2008- 2010 -2011-2012 –жылдардан бери СДПК партиясына опол тоодой иш кылып, шайлоодо Кара-Суудан эң көп добуш алып берген. Мындай карасаң ал эмгекти билишет ...бирок унутуп калышты.
Бүгүн бу таризди эстетип бийлик билермандарынын бетин кызартып коюш керек го. Кезинде СДПКдан жөө жалаңдап эл качып жүргөндө Төлөнбайга окшогон эр азаматтар башты канжыгага байлап, күрөштү улантышкан. Дагы кайталайм партия да чыныгы каармандарды унутпашы керек. Мен билгенден Төлөнбай мырза эч жулунган жок. Мына ушул сапатын баалагым келди. “Эй , вы там, наверху! “ деген кеп учугун жазып жатканымдын кеп төркүнү ушул . Балким бийлик кумарына баткандар 6 жыл берген убадалырын бир эстешет чыгаар. Жалпы элибизге, анын ичинен эл бийлейм деген жакшыларыбызга кааларым: Кудай Таала аларды иш-аракети, жүрүм-туруму менен өз Ата Мекенин туура жолдон адаштыруудан сактасын. Коомдук пикирди адаштырып, алаксыткан сөз айткандан сактасын.Кыйын күндөрү ак кызмат кылган эр азаматтар унутулбасын! Төлөнбай мырзага ийгилик каалайм.
Эльнура Кулуеванын Фейсбук баракчасынан алынды;
Булак: NazarNews.kg