www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясатта достук болбойт, убактылуу кызыкчылыктар болушу мүмкүн деген кептер айтылат. Саясатта деле көңүлү жаккан адамдар менен пикирлеш болуп, көңүлү жакпаган адамдар менен каршылаш болуп келе жаткандар бар.
Акаев –Ашыркулов
Акаев жаңыдан президент болгондо, ал демократиялуу жолго түшкөн. Анын сүйүнүчүн кошо тарткан жандосу «доссекретарь» Мисир Ашыркулов УКМКнын жетекчилигине жети жылдан кийин 1997-жылы келет. Ага чейин бийликтин «серый кардиналы» Президентке караштуу Академияда ректор болгон. Акаев «морской» капитанга генерал чинин берет. Ашыркуловду андан соң президенттик аппаратка, Коопсуздук Кеңешине катчы кылат. Президенттик шайлоолордо Ашыркулов Акаевдин республикалык штабын жетектеп турган. 2005-жылдагы президенттик шайлоого Акаев 1990, 1991, 1995, 2000-жылдардан соң бешинчи ирет аттанаары билинген соң, Ашыркулов Акаев досу менен кол үзүшөт. Ал Мадумаров, Эшимканов, Текебаев, Султанов, Атамбаевдер менен биригип «Адилет шайлоо үчүн» жарандык коомун түзөт.
Мадумаров – Үсөнов – Ниязов
«Акаевдик бийликке каршы арабага чегилген ат болом» деп жүргөн Адахан Мадумаров Акаевдик бийликтен тайманбай үчилтик достук түзгөн. Башкы маселе Үзөңгү-Кууш үчүн Мадумаров катуу туруп берген.
Атамбаев –Өмүркулов
Чүйдүн кулундарынан турган бул достук Атамбаев бийлик башынан кетер менен ыдыраган. Өмүркулов эң биринчилерден Атамбаевдин бийлиги урар менен, ага каршы чыккан. Булардын достугу Акаевдин заманында башталып, Атамбаевдин заманында апогейине жеткен. Бишкек мэрлигин бишкектеп турган Иса Өмүркулов Беш-Күңгөйдөгү дачада Атамбаевдин «стакандаш» досу да болгон. Бирок, президент Атамбаев досун ыйлатат. Аны Бишкектин мэринен алат, бир каматып, бир чыгарып, «мышык-чычкан» ойнотот. Акыры, СДПКдан депутат кылып фракцияга жетекчиликке алып келет. Иса Өмүркулов Атамбаевди «Журт атасы» деп жүрүп, ал бийликтен айрылган соң, каршы чыгат.
Ташиев – Келдибеков – Жапаров
Акаевдин бийлигинин аягы оор кырдаалдарга туш келген. Ахматбек Келдибеков Соцфонддун жаш жетекчиси болуп, мурун пенсионерлерге кепич, гезит таратылса муну токтотуп, нак акча тараттыра баштаган. Ал кезде азайып бараткан Согуш ардагерлерин маал-маалы менен чакырып, аларга гумжардамга келген азык-түлүктөрдү таратып батасын алып турган. Арийне, Акаевдик бийликке жакпай, 2005-жылы бийлик тарабынан бут тосулгандыгына карабай Алайдан 3 чакырылыштагы парламентке депутат болуп келет. Ушул эле парламентке аттанышкан Садыр жана Сабыр Жапаровдордон экөөнө тең бут тосулуп, Садыр Жапаров өтүп келет. Камчыбек Ташиев да оор күрөштөрдөн жеңип келет. Буларга бут тоскон Акаевдик бийликтин иши 2005-жылдын 24-мартында бүтүп, жаңы президентти шайлоо башталат. Түрмөдөн чыккан Феликс Куловдун республикалык штабын Алмазбек Атамбаев жетектеп, Садыр Жапаров, Өмүрбек Бабановдор киришкен. Бирок, булар менен акылдашпай, тандем түзүп Кулов «кидать» этип кеткен.
Бир фракцияга биригишкен парламенттин жаш депутаттарынын ортосунда достук мамиле түзүлүп, кийин курчуп отуруп, Ош жаңжалында ошол кездеги бийликтин алсыздыгына чыдабай, биринчи катарларда жүрүштү. Ошол жылы болгон парламенттик шайлоодо бул үчөө түзгөн «Ата-Журт» партиясы биринчи орунда келип, ошол кездеги бийликтин партияларынын «шымын булгайт». Ош облусунда Келдибеков 120 миң добуш, Жалал-Абадда Ташиев 84 миң добуш чогултат. Ошол кездеги шарт боюнча Түндүк аймагын көзөмөлдөгөн Садыр Жапаров алдыңкы орундарды албаса да штаб түзгөнү эрдик болгон. Анткени, СДПК партиясынын ОБОНчулары Атамбаевге таянып алып «Ата-Журт» партиясына каршы зордук-зомбулуктарды жасап турган. Учурда бул үчилтиктин ортосуна жик салгысы келгендер бар, булар ар кимдин терисин жамынып алышып бири-бирине каршы тукуруп жаткандай. «Бийлик колдун кири» убактылуу нерсе, учурда президент Жапаров жакын досторунан бөлүнүп калса, ким көмөк көрсөтөт, ортого чок салып жаткандарбы?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg