www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Транспорт министрлиги жүк ташуучуларга көңүл бурбайт. Мындай пикирди Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев NazarNews маалымат агенттигине  кечээ, 12-мартта билдирди.  

--“Кыргызстандагы жүк ташуучулар көбү эски машина менен иштеп жатат. Себеби, бузулган машиналарды жаңылоо саясаты жок. Эч ким бул тармакка көңүл буруп иштебейт. Айтып отурсаң жүк ташыгандардын көйгөйү көп. Жаңы унаа алалы десек каражат жетишпейт. Бузулган унааны оңдоп, чет өлкөлөргө барып келишет. Кайра эле келип ошол тапкан акчаларына машиналарын оңдотушат. Өзүнчө эле бир чоң түйшүк. Бийлик өкүлдөрү ушундайларга көңүл бурушу керек. Тескерисинче жетекчилер маселени чечпей, көйгөйдүн үстүнө көйгөй жаратышууда. Кыргызстанда көпчүлүк жарандар ушул тармак менен оокатын өткөрүп жатышат. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында жалпы 200 миң оор жүк ташуучу унаа бар. Транспорт министрлиги жүк ташуучуларга көңүл бурбайт. Азыркы министрден үмүт бар. Министр ушундай иштер менен алектенип, жакшы пландарды ишке ашырат деген ойдобуз. Биз дагы кеңеш беребиз. Жүк ташуучу унааларды жаңыртууда бир саясат болсо жакшы болмок”, - дейт төрага.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости