www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акаев доорунда Бекболот Талгарбеков деген болгон. Америкага барып “запойдо” жүрүп, кайра Кыргызстанга келгенде башы жазылып, айыл чарбасы боюнча реформа жасап далай дыйкандарды азапка салган. Эл арасында “талаачылыкты талкалап, айыл чарбасын аңга түрткөн Талгарбеков” деген ылакап сөз да бар. Ал жөнүндө Эл акыны Шайлообек Дүйшеев ода да жараткан. Муну коомчулук жакшы билет. Шайлоо алдында камактан чыккан ушу Талгарбеков тумшугун көрүнгөн жерге тыгып “Элдик парламент” Коомдук Кыймылын түзүп чамгарактап турган чагы. ”Укмуштуунун төөсү жорго” дешет кыргыздар. Бекер айтышпаптыр. Талгарбеков КРдин вице-премьер-министри болуп турган кезинде австриялык кочкорлорду жергиликтүү койлордун пародасы менен аргындаштыруу боюнча долбоорду иштете баштаган. Бул максатта республиканын бюджетинен ири суммадагы финансылык каражаттар да сарпталган. Бирок аталган долбоордун жыйынтыгында бюджеттик акчалардын кайда кеткени белгисиз. Австралиялык кочкорлордун өздөрү турмак коргоолдору табылбай Талгарбековдун коколой гана башы калган. Австралиянын көздөрү көрүнбөгөн күрсүйгөн жүндүү кочкорлорун тыртайган Талгарбеков таптакыр дайнын билгизбей жымырып коюшунун өзү эле Бекболот мырзанын ар нерсеге шыктуу өнөрүнүн белгиси. Болбосо анча-мынча абийири болсо эл алдында отчет берет эле да. Жок. Талгарбеков “бээ көрдүңбү, төө көрдүнбү?-жок” дегенсип кара БМВ-Х5 машинеде чалкалап Акаевдин колтугунда жүрөт. Өзүнүн башындагы чөптү көрбөгөн адамдар же ашынган сынчы, же Бекболоттой ырчы болуп калышат экен. Бир кездеги тияк-бияктан жулуп чогулткан акчалар Бекболотту безге сайып тынчтык бербей жатабы? Акайыч учурунда Талгарбековдун бийик кызматтарга жетишинин себеби каякта? Эл билбейт дейт көрүнөт. Эл баарын байкап, билип турат. Андан да бир кызык нерсе, Талгарбеков Жалал-Абад обулусунун губернаторлугунан эмне себептен түшүп калды эле? Көрсө, Талгарбеков Жалал-Абаддагы бийлик колуна тийгенден тартып өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө иле баштаган. Жаш журналист Р. менен кабинетинде нечен жолу “белин суутканга” жетишет. “Айла, жок ай ляву!” дегени ошо да. Эми мунусун жашырбай Атамбаев аны К. Кадыров менен Б.Асановдой кылып камап койгондо, Р...нын жолдошу жана адвокат И.А менен “бажа болуп баш тырмашканы” бул адамдын абийиринин канчалык бийик экендигинен кабар берет. Кандай айткан күндө да “бүкүрдү мүрзө гана түздөйт”. Талгарбековдун талантында чек жок. Австралиянын кочкорлорун кара Кочкордун коюна айланткан адам “Элдик парламентти” Кеминдик парламентке айландырып жибербейби? Же, Аксылык окумуштуу досунун айткандарын так аткарып күн тийген жердин күкүгү болуп жүрөбү? Эшикти жапса тешиктен, тешикти бүтөсө эшиктен, баарын чүмбөттөп салса түндүктөн түшчү Талгарбеков не себептен мынчалык жигердүү болуп калган. Эл–Журттун тынчтыгын бузган адамдар каргышка калышат дешет. Аттиң, бети калың мындай мырзаларга эч нерсе таасир этпейт го...
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg