www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
9 млрд 953 млн сомдук тартыш менен киреше 183 млрд 708 млн сомду түзөт. Албетте, тартыштыкты бийлик тартмак беле, тартыштык карапайым эл кэрэт, бийлик тараптагылар өзүнө бөлүнгөн чыгымдардан тышкары, кошумча кошулган беренлер менен берилген чыгымдарды ашап ага тоюшпайт эмеспи. Арийне, эл алдына жашырбай бийликке да беренлер боюнча акча каражаттары бөлүнөт демиш болгондоруна да рахмат.
Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы Эмил Токтошев мыйзам долбоору мамлекеттик бюджеттин узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыздоо жана бюджеттик жүрүмдү натыйжалуу башкаруу максатында иштелип чыкканын белгиледи.
Ошентип, мамлекеттик бюджеттин кирешесинин 2020-жылга жалпы көлөмү 183 млрд 708 млн сом көлөмүндө же ички дүң өнүмдүн 27,5 пайыз деңгээлинде болжолдонот. 2019-жылдын бюджетине салыштырмалуу кирешелердин номиналдык көлөмдөрү 7,8 пайызга же 13 мдрд 248 млн сомго көбөйөт.
2020-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 163 млрд 710 млн сом көлөмүндө же ички дүң өнүмдүн 24,5 пайызына каралат. 2019-жылдын бекитилген бюджетине карата кирешелердин номиналдык көлөмдөрү 11 млрд 948 млн сомго көбөйөт. 2021-2022-жылдар мезгилинде республикалык бюджеттин кирешелери 164 млрд 916 млн сомду жана 169 млрд 243 млн сомду түзөт.
2020-жылга республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү 173 млрд 663 млн сом деңгээлинде белгиленген (ички дүң өнүмдүн 26 пайызы). Бул 2019-жылдын бюджетинен 11 млрд 750 млн сомго көп. 2021-2022-жылдарда республикалык бюджеттин чыгымдары 173 млрд 498 млн сомду жана 174 млрд 967 млн сомду түзөт.
Ал эми 2020-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 9 млрд 953 млн сомду же ички дүң өнүмдүн 1,5 пайызын түзөт. 2020-жылы бюджеттин тартыштыгын жабууга 9 млрд 953 млн сом өлчөмүндө каржылоо булактары каралган: ички булактар боюнча 3 млрд 106 млн сом өлчөмүндө оң сальдо жана тышкы булактар боюнча 6 млрд 847 млн сом өлчөмүндө оң сальдо.
Талкуу жүрүшүндө депутаттар өлкө экономикасынын салык жана бажы тармактарына кошумча киреше булактарын табуу, коррупциялык күңүрт схемаларды жоюу боюнча талапты кыйла күчөтүү, көмүскө экономиканы көрүнөө алып чыгуу аракеттерин жандандыруу, айрыкча орто жана чакан бизнес чөйрөсүндө орун алган салыктык жашыруу жосундарына көзөмөлдү күчөтүү, экономикалык кышмыштардын алдыналуу чараларын иштеп чыгуу, бюджеттик каражатты өз багытында сарамжалдуу пайдалануу арттыруу зарылдыгын белгилешти.
Андан тышкары, Өкмөткө 2020-жылдын республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окуу жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди жана өлкө экономикасынын азыркы абалын эске алуу менен биргелешип иштеп чыгуу боюнча бир катар тапшырмалар менен сунуштамалар берилди.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2018-жыл үчүн аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору, “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору, “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg