www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Игорь Альбертович, жүргүзүлгөн иликтөөнүн сапатына кандай баа бересиз, ага ишенсе болобу?

– Баарынан мурда Кыргызстанда ЖМКлар контрабанда, коррупция маселесине ушундай чоң маани берип жатышкандары жакшы (!) деп айткым келет. Жалпы жонунан Кыргызстан үчүн контрабанда жана контрофакттык продукциялар проблемасы акыркы 20 жылдан бери аябай курч коюлуп келатат. ВТОго киргенден бери бажы пошлиналары төмөндөтүлүп. Кыргызстанга кытай товарларынын чоң агымы келе баштады. Контрабандалык агымдардын чоң көлөмү пайда болду. Кыргызстан Евразия биримдигине киргенден кийин бул уюм биздин реэкспортту тартипке салганга аракет кылууда.

Ошол эле учурда эксперт жана журналист катары менде көп суроолор бар. Биринчиси, эмне үчүн Саймаити «Азаттыктын» журналисттери менен байланышка барууну чечти? Буга эмне себеп болду? Анткени, бул анын өмүрүнө арачы боло алган жок да, киши колдуу болуп көз жумду. Балким, ал өзүнүн маалыматы үчүн гонорар, же башка өлкөдөн башпаанек алгысы келгендир? Бул суроолорго жооп жок, ал эмне үчүн ачык аракеттенгиси келгени да түшүнүксүз.

Көңүл бура турган дагы бир нерсе, кеп бир гана үй-бүлө тууралуу болуп жаткандай таасир калтырат. Иликтөөдө 2017-жылдын январында Дача-СУда болгон авиакырсык тууралуу бир да сөз жок. Түрк авиакомпаниясына таандык ал самолеттун бортунда контрабандалык жүк бар болчу. Ошол учурда Өмүрбек Текебаев бул жүктүн Атамбаевге тийешеси бар экенин айтып чыккан. Бирок, кырсыктын себебин авиалайнердин бузуктугуна шылтап, ишти жаап салышкан. Саймаити менен интервью уюштурган журналисттер эмнегедир бул катастрофа жана контрабандага байланышкан башка нерселер тууралуу сурашкан эмес. Бир адам жана анын үй-бүлө мүчөлөрү ушундай масштабдагы бүтүндөй бир коррупциялык системаны уюштура алышы мүмкүн эмес да.

– Бул чыр-чатак Кыргызстанга кандай кесепеттерди алып келиши мүмкүн?

– Албетте, бул жерде саясый күрөштүн элементтери бар. Президентке «жогорудагы иликтөөдө аты аталган кишилерди камака алыңыз» деген талаптар коюлууда. Мындайча айтканда, тергөөсү да, соту да жок эле. Кийинки парламенттик шайлоого даярданып жатышкан саясый күчтөр окуяны шаштырып, ушундай жол менен өздөрүнө саясый упай топтошмокчу. Бирок, Саймаити айткан фактылардын канчалык реалдуу негизи бар буга тергөө органдары гана чекит коё алышат. Азырынча болсо тергөөнүн өзүнө да, уйгур бизнесменин өлүмүнүн себептерине да туура баа берүү кыйын, кандай болгон күндө да бул жерде тышкы кызыкчылык көрүнүп турат. Себеби, Кыргызстанда коррупция көптөн бери бар, ал эми тергөөгө жардам берген батыштык фондулар бул көрүнүшкө быйыл гана көңүл бура башташты. Буга акча каражаты жөндөн-жөн эле бөлүнбөсө керек. Эгер ошончолук эле кызыгышса, эмне үчүн Матраимов бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп турганда иликтөө жүргүзүшпөдү? Бул жана башка көптөгөн суроолорго жооп жок.

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости