www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат, кезинде спикерлик кызматтарда  да татыктуу иштеген Ахматбек Келдибеков менен  кыргыз саясатындагы айрым жагдайлар боюнча ой бөлүштүк.

-Ахматбек мырза, Нурбек Токтакунов деген укук коргоочу фейсбуктагы баракчасына КСДП президенттик шайлоодо ойго-түшкө кирбеген каражат сарптаганын, добуштардын көпчүлүгү сатылып алынганын жазып чыкты.  Коопсуздук кызматы ананимдүү катты иликтөөгө  мыйзам жол береби?

-Андай ананимдүү маалыматтарды иликтөөгө мыйзам жол бербейт. Улуттук коопсуздук кызматы иликтеш үчүн сөзсүз ата-жөнү, дареги жазылышы керек. Маселен, мен президенттик аппарат айткандай эле бул маалыматты фейк маалымат дегенге көбүрөөк  ишенем.  Анткени, Нурбек Токтакунов  жарыялаган документте эч кандай мөөр же анын ырастыгын күбөлөндүргөн эч бир адамдын колу жок. Азыр компьютерди билген адам андай катты оңой эле жасап алат. Кааласа нөл кошот, кааласа, нөлдөрдү алып салат. Ошон үчүн мен компьютерден жасалган мөөрү же коюлган колу жок каттарга эмес, колума тийген мөөрү бар катка ишенем.

-20-ноябрда президент мурда иштеген спикерлерди кабыл алганы турат. Ал жолугушуудан майнап чыгабы?

-Эмнеге майнап чыкпайт, майнап чыгат. Анткени,  1990-жылдан бери иштеген төрагалардын, премьер-министрлердин ар биринин мамлекеттик түзүлүшкө кошкон  салымы бар. алар менен баарлашып, тажрыйбасын укса, жаман болбойт деп ойлойм.

-Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүп жатам деп, каражаттарды максатсыз пайдаланып, мамлекетке кыянатчылык кылгандарды камакка алдырды. Бирок, Атамбаевчилер саясий куугунтук башталып, коррупция менен күрөш өч алууга айланып баратканын айтышууда. Бүгүн мамлекетибизде саясий куугунтук барбы?     

-Азыр Атамбаевдин мезгилиндегидей тыңшап, камаган көрүнүш жокко эсе. Ошондой эле мурдагыдай ачык айтып ак сүйлөгөнү үчүн камалгандар деле жок. Атамбаевдин тушунда чындыкты айтып, президенттин катачылыгын  санап чыгышканы үчүн Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыровдор   камакка алынгандай жагдайлар жок. Атайылап камап, саясий аренада жоготом деген  саясий куугунтук деле жок. ТЭЦти эч ким чукулаган жок. Өзү жарылды. Анан андагы туура эмес нерселердин баары ачыкка чыкты. Кир нерселер калпып чыкты. Башкача айтканда,  мамлекетке кыянатчылык кылгандары билинип калды. Эл уурдагандар болсо төлөсүн, кыянатчылык кылса жоопко тартылсын деп жатат. Эгер мамлекетке кыянатчылык кылса жоопкерчиликке тартылсын деп жатышат. Аны саясатташтырыштын, саясий куугунтук дештин  кажети жок.

Керек болсо,  “Датка Кеминди” да карап чыгыш керек. Ал жактагы коррупциялык схемаларды такташ үчүн аудит жүрүшү керек.

Саясий куугунтукка  “Ата Журт”  партиясы биз кабылганбыз. 16 адамды  “Ата журттан” жоопко тарткан. Текебаевдин парламентте сүйлөгөн сөзүн, “Ата Журтту” талкалаш үчүн болгон күчтөрүн жумшаганын баары эле билет. Бизди бир беткей каралап, жок кылууга аракет кылышкан. Болушунча сындырууга, жок кылууга далалат жасашты. Менин ар бир сот отурумум видеого тартылган. Эгер мага козголгон кылмыш иш боюнча  бир эле сом алганым  далилденсе,  жоопкерчилик тартууга макулмун.

-Эмнегедир камалгандардын  баары Атамбаевдин командасында иштегендер болуп жатат. Коррупция менен күрөш тандалма жүрүп жаткан жокпу?

-Күрөш тандалбай эле жүрүп жатат. Болгону, Атамбаевдин жакындарынын көп былыктары  ачыкка чыгып жатат. Ошон үчүн камалып отурушат. Аларга  Атамбаевдин мезгилиндегидей  куугунтук жок.

-Парламент маселе чече турган,  элдин атынан сүйлөй турган орган. Азыркы парламент өз миссиясын  татыктуу эле аткарып жатабы?

-Мен эки жолу парламентте депутат болгон адаммын. Бүгүнкү күндө парламент өз миссиясын жетишээрлик аткара албай жатат. Эмнегедир аброюун да жоготуп алышты. Эл күткөндөй маселе чечип, эл үчүн иштеген парламент боло алышпай, талапка жооп бере албай жатышат. Бирок, Атамбаевдин убагындагыга караганда  депуттатардын көпчүлүгү  эркин сүйлөй баштады...

-Алар бийликке ыктап кеттиби же эркиндикти сезиштиби?

-Эркиндик да болду. Бирок, депутаттардын көпчүлүгү  бизнестен келгенден тилдери кыска болуп жатат. Анан аргасы жок бизнесин сакташ үчүн бийликке ыктап да жатышат.  

- Кыргызстанга 120 депутат өтө эле көп эмеспи?

-Чындыгында көптүк кылат.  Мамлекетибизге, калкыбыздын санына 75 депутат туура эле болот. Негизи округга карап, депутаттардын санын тактасак жакшы болмок.  Себеби, округдан шайланган депутаттар  5 жыл бою өзү шайланып келген округунун маселесин парламентте көтөрүп, чечиш үчүн мыйзам жазып,  эффективдүү иштешчү. Ошол жагын алганда депутаттарды округдан шайлоо туура  болчудай.

-Кызмат сунушталса бийлик менен  иштешет белеңиз?

-Азыр илимий иштер менен алек болуп жатам. Эгер менин тажрыйбам, эмгегим керек болсо, мен эл үчүн кызмат кылууга даярмын.

-Жалган маалымат таркаткандар менен кантип күрөшүш керек?

-Жоопкерчиликке тартыш керек. Кыргызстанда маалыматты да маанайына жараша жазышат. Маанайы жок болсо, чындыкка жакындабаса дагы ойго, түшкө кирбеген нерселерди жазып, жакындарыңа, сага оор болоорун ойлобой жаза беришет. Жок жерден жалаа жаап жатат деп өз ар-намысыңды, абийириңди коргоп сотко кайрылсаң, сөз эркиндигине шек келтирип, демократияны талкалаган болуп каласың. Ошон үчүн социалдык сеткеби же маалымат булактарынабы туура эмес маалымат жарыяланса, жоопкерчиликке тартыш керек. Антпесек, каралоо, жаман адаттар күч ала берет.

-Президенттин туулган күнүнө кандай  куттуктоо айтаар элеңиз?

-Президент Сооронбай Шарипович  ден соолукта болсун. Бүгүнкү  иштин жыйынтыгы чыгып, ишинде ийгилик болсун. Биз аны колдойбуз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости