www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл областына башчы болуп Токтобек аттуу адам эле барбаса, башкалары токтобос болду. Өкмөт акенин койгон ар бир өкүлүнүн артына, түлкүнүкүндөй булактаган куйрук пайда болуп жаткандыгы жалган эмес. Баарыныкы эле опокшош. Өнүктүрүү фондуна түшкөндөрдү оп тартуу. Ошолордун ичинен учурдагы бийликтин өз балдарына сез да, ок дагы жетпес тура.

Мына акыркысы эле Мирбек Асанакунов менен Аскат Акибаевдер дал ушундай күбүр-шыбырдан улам эле кызматтарынан алынганын укканбыз. Ал турсун Асанакуновго кылмыш иши деле козголгон. Анысын унуткарып кечээ жакында Кыргызстандын Профсоюздар Федерациясына төрага болуп шайланганы бар.

Ал эми кечээ жакында эле ордун Узарбек Жылкыбаевге бошотуп берген Акибаевге, Мамлекеттик Мүлк Фондусунун эки чылбыр бир тизгинин карматышмай болуптур.

Албетте, “көздүү мончок жерде калбайт” деңизчи. Бирок, Аскат мырза Ысык-Көл облусун башкарган бул жылдары жарытарлык иш бүтүргөнү билинбейт. Тескерисинче, чакан бизнести башкарып жүрүп, бир регионду жетектөөнү жөндөй албай, башы жалаң интригалардан чыкпай калганын угуп да, байкап дагы жүргөнбүз. Анын айынан Көлдүн аттуу - баштууларын экиге бөлүп дагы жибергенин көпчүлүк жакшы билет. Анан мына ушундай майдачыл жетекчи Мамлекеттик мүлк фондусун таптакыр жок кылып албайбы деген эле коркунуч...

Булак: “Ачык саясат”

Последние новости