www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карабалталык авторитет Алмаз­бек Бокушев криминалдык чөйрөдө таасирдуу фигура болуп келгенин билебиз. Анын бир тууган аталаш иниси Асылбек Сакишев Чүй областык патрулдук милициясынын бакандай болгон башчысы. Буга чейин бул жигит ушул эле кызматтын командир батальону болчу.

Кызматкерлерден акча чогулткан жагынан алдыга киши салдырбай, чоң легендага айланып, миллионер атыккан. Анан кызматынан алынып, көп өтпөй кайра бакандай болгон башчылык креслого отурган. Мына ошол легендага айланган Сакишев мырза, көнгөн адатынча акча чогултмайын баштаптыр.

Тыйын кармап калган колу тыпырап жөн турбай жатса керек. Баарынан кызыгы, акчаны Чуй ОИИББнин башчысы Канат Жумагазиевге дейт экен. Мунусу тигил Жумагазиевге жетип калганбы айтор катуу жинденип жатыптыр. Канат мырза түз жүргөн жигиттерден эмеспи, аркасына сөз ээрчиткиси келбейт да. Чакыртып катуу жазасын берип, же болбосо иштен кетирбесе болбойт го ыя? Же анын авторитет агасы Алмаз Бокушевден коркобу?

Булак: “Ачык саясат”

Последние новости