www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аксакалдардан нарк кеттиби?

Гитлердин пропоганда боюнча министри Геббельстин айтканы бар, "калпты миң жолу бир адамга айтсаң чынга айланып калышы мүмкүн", деп.  Албетте анын бул айтканын иш жүзүндөгү далили фащисттик партияны түптөп немец калкы толугу менен ишендире алышкандыгы.

Мына ушул Геббельстей болгусу келген адамдар дагы жок эмес экен. Алсак кечээ чоң бир телеканалдан Ж.Баласагын атындагы КУУнун үч окутуучусу коррупция окуу жайда гүлдөдү деп айгайлаган.

Күлүп гана тим болбоско айлаң жок. Болгондо дагы Ажого кайрылуу жазганга камданып жатканы айтылууда. Албетте бул жылмаюу айласыздан гана болбосо төбөсү көрүнгөн агартуу тармагына эмне иш кылгандарынан дайыны жок, анан "жетекчилик акмак, жеди ичти" деп жыйын өткөргөнү жосунсуз.

Кыргызстандын жогорку "интелегиенти" аталган мугалим эжеке-агайлардан таалим алган кандай студент чыгат? Заманбап технологиянын заманында жаңыча иш алып барып, илимий ачылыш жасоо менен алектенсе гана атаганат.

Аксакалдардан нарк кетип, ичкен жерине түкүргөндөрдөн тарбия алган жаш жеткинчектерге гана бооруң ачыйт. Болбосо өзүнүн бир кылымга жакын тарыхы бар окуу жайды "шантаж" кылгандардын далайы болуп, далайы кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости