www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бейонсе ырдабастан, сахнада жөн гана басып жүрсө да, сөзсүз өз көрүүчүлөрүн тапмак. Денесиндеги сыйкырлуу пластикасы анын ар бир кыймылын укмуш кооздойт. Атактуулуктун даамын 17 жашында сезип, учурдун эң сулуу, сексуалдуу жана бүткүл дүйнө жүзүн багынткан Бейонсе тууралуу кызыктарды ачыктайбыз.

- Жеке жашоосунда бактылуу айым. Он жылдан ашык убакыттан бери жолдошу Жей-Зи менен жашайт.

- Бейонсе абдан тырышчаак жана эмгекти сүйгөн жан. Өзүн ар дайым жумушуна арнайт.

- Дүйнөдөгү эң сулуу жана стилдүү айым деп- өзүнүн апасын эсептейт. Ырчы апасынан өзүнө кам көрүү тууралуу кеңештерди тынымсыз алып турат.

- Кайрымдуулук кылууну абдан жактырат. Жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккендерге, ачка калгандарга акча бөлүп кайрымдуулук концерттерден баш тартпай кол сунат.

- Плагиат жаатында күнөөлүү деп табылган ырчылардын арасында Бейонсе рекорд коёт. Ага далил бир мисал келтирели: “Countdown” аттуу ырындагы бийди бельгиялык хореограф Анна Тереза де Кеерсмакердин уруксааты жок пайдаланганы ЖМК чыгып кеткен. Бул кылыгын ырчы мойнуна алып, бийдин авторунан кечирим сураган.

- Репертуарында ырлары абдан көп болгондуктан, айрым учурда ырларынын авторлору ким экендигин унутуп калат.

- 2013- жылы Барак Обаманын инагурация иш чарасында АКШнын гимнин аткарууга поччеттук миссия ырчы айымдын мойнуна жүктөлгөн. Баардыгы эң жогорку деңгээлде өткөндүктөн, ЖМК “Иш чарада Бейонсе фонограмма менен ырдады” деп жазып чыгышкан.

-  Ырчынын бою- 173 см, фигурасы- 88- 66 -90.

- Бейонсе денесине жана келбетине пластикалык пеарция жасатканын эч качан моюнуна албайт жана ачыкка чыгарбайт. Бирок, анын келбетинин жылдан-жылга өзгөрүлүп, жашарып турушу пластикалык хирургдардын жардамы менен экени ар бир адамга байкалат.

- 2010-жылы жаңы жылдын алдында Ливиялык диктатор Муаммар Каддафинин майрамдык кечесинде ырдоого буйрутма алган. Гонорарынын суммасы- 2 млн долларды түзгөн.

- Парфюмериялык жыпар жыттарга аллергиясы бар. Дезодорант, духи сатып аларда кылдат мамиле кылат.

- “Glamour”, “Touch”, “Maxim”, “FHM” журналдарынан тандоосу боюнча “Дүйнөнүн эн сексуалдуу айымы” деп табылган.

- Бейонсенин чыныгы жашы али да сыр. Себеби, ырчы айым туулган шаардагы медицианлык борбордун кызматкерлери ырчынын медициналык картасын ЖМК беришкенде Бейонсе 1974-жылы 4-сентябрьда туулгандыгы далиденген. Ал эми официалдуу жашы бүгүнкү күнгө чейин ырчы 1981-жылы туулган деп жазылып келет.

- Бийик такалуу бут кийим кийип алып бийлөөдөн эч качан коркпойт. Такасы жок бут кийим менен бийлөө ага ыңгайсыздык жаратаарын жашырбайт.

- Бейонсе карапайым элди эле эмес, президент Барак Обаманы да таң калтыра алган. Ырчы Обаманын инагурациясында ырдап бүткөн соң, президент өзүнө чакырып жеке телефон номерин берип, каалаган учурда тынчсызданбай чала берүүсүн айткан.

- Баш аягы 57 тасмага тартылган. Жанрлары- музыка, комедия жана ток-шоу. Эң алгачкы тасмасы- 1992-жылы жарыкка чыккан.

- Бала багуучусуна абдан катаал. Кызы кичинекей болсо да, ага бир күндүк график түзүп эмне менен алек болоорун алдын ала жазып коёт. Ал эми бала багуучу анын баардыгын аткарууга тийиш.

- Эң алгачкы жолу 8-класста окуп жүргөндө өзүнүн классташы менен өбүшүп көргөн.

- Бала чагында абдан семиз кыз болгон. Семиз болгондугунан абдан уялчу.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости