www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-мартта өлкөнүн Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Илим Карыпбековду кабыл алды.

КТРК башчысы Президентке өлкөнүн башкы телеканалынын коомдук берүү принциптерине ылайык андан ары өнүктүрүү пландары тууралу айтып берди. Анда санариптик берүүгө өтүү мезгилинде контенттин сапатын жакшыртуу жана техникалык модернизация өткөрүү белгиленген. КТРКны өнүктүрүү иши, Илим Карыпбековдун сөзү боюнча, телеканалдын менеджменти аркылуу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүзөгө ашырылууда.

Булак: президент.кж

Последние новости