www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров сөзүнө турган накта жигит экен! Бир да саясатчы, укук коргоочу, эл аралык уюм, басылма, депутат "Эй, Садыр! Муңайба! Биз барбыз!" деп койгонго жараган жок! Бул эмнеден кабар берет? Бул саясий элитанын тып тыйпыл болгонунан кабар берет. 
Садыр аке, башына түшкөндү көрөт. Бул күн да өтөт. Бала-чакасы менен олтуруп чай ичет. Ушул күндөрдү эстейт. Жөн эле эмес, сыймыктануу менен эстейт. Анткени, балдары да өзүндөй эр азамат экенин сезет! Балким Кудай Садыр акенин тегерегин ушинтип тазалап жолун ачып жаткандыр. Бүгүн үн катпаган саясатчыларга эртең жол жок да. Дегеним, бир күнү чын эле Кудай жалгап президент кылып койоорун ким четке сүрө алат? Балким чын элебиздин кийинки президент ушул кишидир а?! Шайлоодон утуп келеттир...

Алмазбек Шаршенович өз колу менен желекти тапшырып, ак батасын берип шаанисин жасаар? Кыргызстанда баары тездик менен өнүгөт. Эртең эмне болуп кетээрин билбейсиң. Садыр акеде аласа-бересем деле жок. Тааныбайм деле. Болгону Ысык-көлдөн чыккан чыгаан "Современный Садыр аке" болуп тарыхта калаарына көзүм жетти! Тээ 20 жыл мурун апам айтты эле: "чачы солдон таралган көлдөн чыккан чымыр денелүү жигит келет" деп. Ошол жигит балким сен белем Садыр эке! Касиеттүү көлдүн куту колдосун, жети акенин касиети сизди колдосун, Манас атанын руху колдоп, Алаах таала өзү мээримин төксүн! Чынында үй бүлөөңүз тартып жаткан кыйынчылыкка жүрөгүм ооруп туру. (жан дүйнөм жөн жаздырчу эмес эле...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости