www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КШнын администрациясы дүйнө жүзү боюнча иммиграциялык визага арыздарды кароону убактылуу токтотту. Бул тууралуу «Reuters» маалымдады.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматы боюнча, бул кечигүү консулдук кызматкерлерди окутууга байланыштуу. Кызматкерлер АКШнын бюджетине оорчулук келтириши мүмкүн болгон (жөлөк пулдан көз каранды) талапкерлерди катуураак текшерүүгө жана талапкерлердин саясий көз караштарын кылдаттык менен изилдөөгө үйрөтүлүп жатат.
Буга чейин эле дүйнө жүзү боюнча арыз бергендер үчүн маектешүүлөр жылдырыла баштаган.
АКШ бийлиги H-1B жумушчу визалары үчүн 100 миң доллардан ашык төлөмдү киргизүүгө ниеттенип, башпаанек сурагандардын 200 миңи үчүн туристтик визаларды (B1/B2) жокко чыгарууну пландап жатат.
Буга чейин, 21-августта Нью-Йорктун соту 75 өлкөнүн жарандарына (анын ичинде Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан) виза берүүгө тыюу салууну жокко чыгарып, мамлекеттик катчы Марко Рубионун аракеттерин ыйгарым укуктарынан аша чабуу деп тапкан. Мамлекеттик департаменттин жаңы кадамы жогорудагы сот чечимин айланып өтөт.
Укук коргоочулар жаңы саясатты дискриминациялык деп атап жатышат, ал эми Ак үй аны улуттук коопсуздук талаптары менен түшүндүрүүдө.