www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лебединовка ГЭСинде станцияны реконструкциялоо иштерине тартылган адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча куруу иштери башталды.

Иштерди башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу объектте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.

«Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо» долбоору станциянын негизги жабдууларын толук модернизациялоону камтыйт. Иштер аяктагандан кийин ГЭСтин орнотулган кубаттуулугу 7,6 МВттан 10 МВтка чейин, ал эми электр энергиясын жылдык өндүрүү көлөмү 37,2 млн кВт·сааттан 53,5 млн кВт·саатка чейин көбөйөт.

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан гидроэлектр станцияларын модернизациялоо программасынын алкагында ишке ашырылууда.

Маалымат үчүн: Лебединовка ГЭСи— Чүй облусундагы иштеп жаткан эң байыркы гидроэлектр станциялардын бири. Станциянын курулушу 1942-жылдын май айында башталып, 1943-жылы пайдаланууга берилген.

Последние новости