www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сирия маселесинде Дональд Трамптын администрациясы үчүн президент Башар Асадды бийликтен кетирүү эмес, өлкөдөгү гуманитардык каатчылыкты жеңилдетүү боюнча Вашингтон менен кызматташууга даяр өнөктөштөрдүү табуу маанилүү. Бул тууралуу АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли билдирди.

Бейшембиде Асад тууралуу суроо Түркияда иш сапары менен жүргөн АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсонго да узатылган. Жооп катары ал дагы учурдагы администрация Асаддын отставкасын мурдагы президент тушундагыдай талап кылбай турганын билдирди. "Анын саясий тагдырын келечекте сирия эли өзү чечет", - деди ал.

Администрациянын позициясынан айырмаланган көз карашын Сенаттын Куралдуу күчтөр комитетинин төрагасы, республикачы Жон Маккейн билдирди. Анын айтымында, сириялыктар аёсуз өлтүрүлүп жаткан чакта өз мамлекетинин түзүлүшү маселесин өз алдынча чече албайт.

Последние новости