www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин «СДПК» фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина  Москвада өтүп жаткан парламенттер аралык  ассамблеяда туура эмес жерден чыгып  Кыргызстанда орус тилин дагы көтөрүү керектигин айтты. Бизде орус тили ошончолук эле өгөйлөнүп калдыбы? Эгер Карамушкина айткандай расмий тилге мамиле начар болсо  Карамушкина депутат болуп келбейт эле да. Сиздин пикир?

Бүгүнкү күндө орус тили коргоого муктаж эмес. Өзгөчө Бишкек шаарында  азыр  орус тилдүү бала бакчалар басымдуулук кылат.  Ошондуктан бул маселе ойлонуп табылган.  Орус тили расмий тил деп Конституцияда мыйзам менен бекитилген. Аны  жок кылабыз деп эч ким чыккан жок, кандайдыр бир күчтөр деле  таптакыр жок кылгыла деп чыга элек. Андыктан  бул маселеге келгенде бул туура эмес иш болду. Карамушкина бүгүн атайын ошол жакта тартылган видео жүктөлгөн диксти  таратып берди. Анын өзүнүн сөзүн укпагандыктан бир тараптуу комментарий берүүдөн алысмын. Дискти көрөлү, анан айтыш керек, анткени айрым сөздөр  бурмаланып калышы мүмкүн. Депутаттын өзүнүн элден, динге ишенгендеринен, кесиптештеринен  расмий түрдө кечирим  сурагандыгы туура болду.

Баян Кулова, "Жаңы ОРДО"

Последние новости