www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Тазабек Икрамович,  бүгүнкү күндө  кесиптешиңиз Ирина Карамушкина  Россияга барып алып Кыргызстандагы  орус тилинин абалы боюнча көп сөздөрдү айтыптыр. Эгер ал айткандай орус тилине кысым болсо ал депутат болуп олтурбайт эле да, туурабы?

-Туура, кесиптешимдин Россияга барып алып айткан сөздөрүнө кошулбайм.  Кыргызстанда 2015-жылдан 2020-жылга карата мамлекеттик тилге өнүктүрүү жана тил саяссатын жакшыртуу боюнча улуттук   программага ылайык 500 миллион сом каралган. Тилекке каршы бүгүнкү күндө жыйынтыгы жок. 1989-жылдын сентябрынан  кыргыз тили мамлекеттик  тилдин макамына ээ болгон. Ошондой эле  мамлекеттик тил Конституциялык макамга ээ деп жазылып турат.  Мындан сырткары бул мыйзамда мамлекеттик же расмий тилди билбегендиги үчүн жарандардын укуктары менен эркиндиктерин  чектөөгө жол берилбейт деп айтылган. Белгилей кетсек бир дагы  мурдагы СССРдин курамына кирген бир дагы мамлекеттерде орус тили расмий  тил деп кабыл алынган эмес. Бул бизде гана бар. Бул жерде Россияны сыйлап  расмий тил катары кабыл алып олтурабыз. Мамлекетибиздин көп бөлүгүндө  орус тилин түшүнөт, сүйлөшөт. Жада калса  шаардагы мектептерибиз орус тилинде. Борборубуз болгон Бишкек шаарында 100 мектеп болсо анын үчөө гана кыргыз тилинде иш алып барат. Бул жерде тескерисинче мамлекеттик тил басмырларын жатканын айтсак болмок.  Биздин кесиптешибиз  чет өлкөгө чыгып Россияга барып алып “Кыргызстанда  орус тили басмырланып жатат”-деп жарыялады. Ошол эле маалда  коңшу өлкөлөрдө орус тилинде жада калса  жарнама же көчөнүн аты жазылган эмес.

-Мисалы  кайсы мамлекеттерде?

-Казакстанды, Өзбекстанды карайлы алыс барбай.  Кыргызстанда эгемендик алгандан берки тарыхында орус тилдүү калкын басмырлоо жөнүндө бир дагы соттук иш болгон эмес. Эч ким басмырланган эмес.  Бишкекте  кыргыз тили көбүрөөк басымга алынып жатат.

-Орус тилине басмырланса  орус тилдүүлөр депутат болуп олтурмак эмес дегиңиз келип жатабы?

-Ооба, мамлекеттик  тилде кыргыз тилин билбегендер же Жогорку Кеңеште  кыргыз тилин билбеген адамдар депутат болуп келбеш керек эле да.  Биздин улуу трибунада  Жогорку Кеңеште  чыгып орус тилинде сүйлөп  жатышат. Аларды кой деген эч ким жок. Болбосо Жогорку Кеңеш, кыргыз тили сүйлөнүш керек.  Кыргызстан туусу тили бар эгемендүү мамлекет. Демек  Жогорку Кеңеште  башка улуттун өкүлү  ким гана болбосун кыргыз тилин билбесе биз аларды мамлекеттик кызматка алып келбешибиз керек. Бул отуз жылдап, элүү жылдап туулганы мындай турсун ата-бабасынан бери  Кыргызстанда жашап кыргыз тилин үйрөнбөгөн, кызыктар болбогондорго таң калам. Кайсы мамлекеттин абасын жутуп жашап атасыңбы ошол мамлекеттин каада салтын, тилин билиши керек. Мына азыр  Өзбекстанга барыңыз.  Ал жакта өтө көп улуттар жашайт.  Ошого карабай  ким болбосун өзбекче сүйлөйт.  Мен аларды бөлбөйм, Кыргызстандын абасын жутуп жаткандан кийин жашаган жерине ар бир адам шүгүрлүк кылышы керек деп айтат элем.  Мен тил  боюнча   айтып чыкканда арасынан “кыргыз тилин үйрөнүп эмне кылам? Кыргызстан көп улуттуу мамлекет”-деп айтышты. Эгер жакпаса мамлекеттен чыгып кете берсин, эшик ачык турат. Биз муну жапа тырмак, Кыргызстанда тил маселесин баарыбыз эл кыргыз тилин билбегендигине уяла турган, өздөрү кыргыз тилин сүйүп үйрөнө турган кылуусу зарыл.  Мисалы Турция барсаңыз ар бир түрктүн үйүнө өздөрүнүн туусу турат. Баардыгы  түркчө сүйлөйт. Эмне үчүн Европадан баштап  дүйнөнүн  баардык бурчунан түрк тилинде сүйлөйт?  Анткени алар буга жетишкен. Кыргыз тилин  сүйлөгөн адам мыкты болуп эсептелиниш керек, башка тилдерди андан кийин үйрөнөбүз. Кыргыз тилин пропаганда кылбай ушул темп  менен кете берсек  50 жылдан кийин  жок болуп кетиши  болушу мүмкүн.  Кыргызстандагы  кээ бир киргиздерибиз кыргыз тилин билесиңби  десең билбейм деп чыгышат. Башка улуттагылар мындай турсун.

-Карамушкинанын бул кадамын сиз кандай түшүндүңүз?

-Кыргызстанда жашаганына Кудайга шүгүрлүк айтпаган нашүкүр деп коёт мындай адамдарды.  Ушул жерде  жашап, меймандостугун, жооштугун пайдаландыбы азыр да түшүнө албайм.  Бизде орус тили каалаган жерде сүйлөнөт. Кыргызстанда  жашап, балдары төрөлүп, эң бир жогорку кызматтардын бири депутат болуп келип Россиянын мамлекеттик думасына  барып алып  Кыргызстанды жамандаганы акылга сыйгыс нерсе. Карамушкинанын фракциясы ушундай адамды жалпы кыргыздарды жамандап аткан адамдарды кармап олтурат? Сөз эркиндиги үчүн туура эмес сүйлөдү деп айтып жатышат.  Чоң мамлекетке барып  биздин өлкөнү жамандаган адамга  кандай чара көрүлөт көрө жатабыз.

-Ал буга чейин эле  асылчу эмес беле?

-Кыргыздын улуттук калпактары жөнүндө көп сөздөрдү сүйлөп жаткан. Салттуу дин боюнча дагы сүйлөгөндөн  кийин буга кандай чара көрүш керек эле? Кыргыз мамлекеттин жамандап аткан адамдан жакшылык күтүү мүмкүн эмес.

-Эгерде Карамушкина  Казакстандын же Өзбекстандын депутаты болуп туруп,  Россияга барып алып орус тилинин абалы жөнүндө кеп козгосо кандай чара көрүлмөк деп ойлойсуз?

-Алар ошол заман муну жарандыгынан ажыратып, Россиядан  мамлекетке киргенге  тыю салып коймок.  Бул келип алып кайра беттен алып  радиодон, парламенттен,  теледен сүйлөп жатат. Уят эле.  Фракциясы кандай чечет байкап туралычы.

Баян Кулова, "Жаңы ОРДО"

Последние новости